Америкалык медиктер таң калышууда. Анткени өлкөнүн билимдүү эле атуулдары салттуу эмес дарылоо ыкмасына кайрылып жатышат. Башкача айтканда, мите курттар менен дарыланууну-гельминтотерапияны тандап алышууда. “Дары курттардын” 1 порциясын сатып алуу үчүн коңшу штаттарга же Латын Америкасына чейин барып-келип жаткандар көп.
ЭМНЕДЕН УЛАМ КЕЛИП ЧЫККАН?
Баары Америкада мите курттар менен адамдын иммундук системинин байланышы тууралуу бир нече илимий изилдөөлөр жарыяланганынан башталган. Көрсө, изилдөөчүлөр “адамга иммунитетти басып коюучу курттардын кээ бир түрү жукса, адамдагы аутоиммундук оорулардын өөрчүп кетиши токтошу мүмкүн. Мисалы, бөрү жатыш, миастения, диффуздук богок, Крон оорусу, склеродермия жана башкалар” деп жыйынтык чыгарышыптыр.
Чынында, аталган оорулардын алдында медицина алсыз. Андыктан аутоиммундук ооруга чалдыккандар ошентип курттардан шыпаа издеп жатышат.
Абалдан пайдаланып акча таап калууну көздөгөндөр курттарды жашыруун сатып, акчага маарып жатышат. Мисалы, кээ бир аймактарда 1 порциясы 3 миң долларга чейин чыгууда деген маалыматтар бар.
КАНДАЙ «ДАРЫ КУРТ» МОДАДА?
Модада жумуру анкилостама курттары. Бул адамдын ичке ичегисинде жашап, көбөйүп, ээсинин каны менен тамактанат. 4-8 жыл жашайт. Ургаачысы 1 суткада 5 миңден 25 миңге чейин жумуртка таштайт. 24 сааттан кийин жумурткалар личинкага айланып, жашоолорун баштайт.
Адамдын ичиндеги анкилостамалар аллергияны, дем алуу жана ичеги жолдорунун ооруларын, пневмонияны, плевритти, нерв системинин уулануусун жана башкаларды жаратат.
Америкалыктардын кээ бирлери курттар жаратуучу ооруларды билсе да, “аутоиммундук оорумдан кутуламбы” деген үмүт менен колдонууда.
Басылмаларда курт менен дарылануу тууралуу түрдүү пикирлер жарыяланууда. Ал эми изилдөөчүлөр “биздин изилдөөнүн жыйынтыгын түз кабыл алып, дарыланууга өз алдынча киришкендер туура эмес кылып жатышат. Курт көптөгөн ооруларга, ал тургай өлүмгө алып келүүсү мүмкүн. Биздин планда куртту кантип колдонуп, аутоиммундук оорулардан арылтуу турат. Бул жаатта азыр иштеп жатабыз” дешет.
КУРТТАР КЫТАЙЛЫК ШЫЛУУНДАРДЫ ДА БАККАН
Негизи, курттар шылуундарды көп убактан бери эле багып келет. Мисалы, бир нече жыл катары менен Кытайда арыктатуучу таблеткалар мода болгон. Таблеткалар, албетте, БАДдын атын жамынып сатыкка чыккан. Таблеткалардан ээсин арыктоого жеткирүү менен түрдүү ооруларга чалдыктырган мите курттар чыккан. Андай таблеткалар бир топ өлкөлөргө контрабандалык жолдор менен таркаган. Анын ичинде Кыргызстанга да келиши мүмкүн, бирок тастыкталбаган. Маалыматтарда андай БАДдардын курамында аскарида куртунун да жумурткалары болгон. Булар да ичке ичегини байырлап, мителик кылат. Узундугу 15-40 сантиметрге чейин жетет. Ургаачылары 1 күндө 200 миңге чейин жумуртка таштайт. Курт көптөгөн ооруларды жаратат. Алар ичегиде абдан көбөйүп кеткенде ичегини бууп, эч нерсе өткөрбөй калат. Мындай кезде аларды дары-дармек менен өлтүрүүгө мүмкүн эмес, бир гана операциялык жол менен алып чыгуу керек.
Башка өлкөлөрдөн мурда Кытайдын өзүндө курттун арты менен арыктоо өтө жайылып кеткендиктен, Кытай бийлиги 2010-жылы элди курт менен арыктабоого чакырып, басылмалар курттун зыянын байма-бай жазууга аргасыз болушкан.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg