АЛМА САБАГЫНАН АЛЫС ТҮШКӨНДӨ...
Ошентип, дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек тууралуу баяныбыз да финиш сызыгына келип жетти. Атактуу эркектер тууралуу сериалыбыздын акыркы коногу – аты уламышка айланган Билл Гейтс (суктанткан байлыкка ээ адамдарды Билл Гейтс деп коюшат).
Билл Гейтс 1955-жылы 28-октябрда Сиэтлде (Вашингтон штаты) жарык дүйнөгө келген. Лидерлик сапаттарга ээ болгон ата-энесинен (атасы Уильям Генри Гейтс II абройлуу адвокат, апасы Мэри Максвелл Гейтс бир катар банктар менен улуттук кеңештердин директорлор кеңешинин мүчөсү болгон) айырмаланып, ал кичинекейинде олуттуу, аз сүйлөгөн, жадакалса бир аз түнт да болчу. Бирок Билл алгачкы компьютердик программасын 13 жашында түзүп чыккан. Орто мектепти аяктаган соң үй-бүлөлүк салт боюнча Гарвардга тапшырат. Ата-энесинин планы боюнча, атасына окшоп адвокат болмок. Бирок Гарварддан тапкан бир гана пайдасы – досу, “Microsoft`тун” болочок президенти Стив Баллмерди жолуктурганы болгон.
Билл Гейтстин улуулукка карай сапарынын башталышы деп анын “M.I.T.S.” компаниясына компьютердик программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу сунушу менен кайрылган учурун айтсак болот. Анын идеялары компания менеджерлерин кызыктырып, жаш талант ишке алынат. Ошентип, Гейтс улуу “Microsoft” империясын түзүүгө киришкен. Окуусу экинчи планда калып кеткен. Натыйжада сабакты көп калтырып, жетишпей калгандыктан, ЖОЖдон айдалган. Бирок Билл үчүн чын жүрөктөн баары бир болчу. Анткени ал өз жолун тапкан эле.
ТАЛАНТТУУ АДАМ АР ТАРАПТАН ТАЛАНТТУУ БОЛОТ
1975-жылы Гейтс Пол Аллен менен бирге “Micro-Soft” кийинчерээк “Microsoft” деп өзгөртүлгөн компанияны негиздешкен. Албетте, баары оңой эле болуп кеткен эмес. Алгач далай ирет банкрот болушкан. Билл мырза компьютерлерге программа түзүп чыгуу үчүн канчалаган уйкусуз түндөрдү башынан өткөргөн. Үйүнө барбай, кеңседе түнөп калган күндөрү болгон. Бир жолу Гейтстин кабинетин жыйнап жаткан тазалоочу айым столдун астында уктап жаткан чоочун кишини көрүп коркуп кетет. Ошол чоочун киши – чарчап уктап калган шефи Гейтс эле. Азыр “Microsoft” компаниясы – атаандашы жок компания (атаандаш пайда болушу да чоң күмөн астында). Кызматкерлеринин саны – 89 миң киши. Жылдык акча айлантуусу 62 миллиард, таза кирешеси 18 миллиард доллар.
Жеке жашоосуна келсек, суктанткан карт бойдок 38 жашында Мелинда Френч аттуу бийкечке баш кошкон. Экөөнүн Женнифер Катарин аттуу кызы жана Рори Жон менен Фиби Адель аттуу уулдары бар. 2008-жылдын 7-январында компьютердик программалардын “атасы” “Microsoft`тун” жетекчилик кызматынан кетип, кайрымдуулук менен алектенүүгө өтөрүн билдирген. Миллиардер сөзүнө бекем туруп, “Microsoft” корпорациясынын президенттик кызматынан кетип, 2 жылдан кийин компаниянын аткаруучу директорунун да ордун бошотуп берген. Аталган 2 тизгин, бир чылбырды Гейтстин студент кезде тапкан досу Стив Балмер колго алган. Учурда ал «Билл жана Мелинда Гейтс» фондунун жетекчиси жана өзү негиздеген компаниянын эң ири акционери.
“Таланттуу адамдар ар тараптан таланттуу болушат” дегендей, Гейтстин жазуучулук шыгы бар. Анын бир катар чыгармалары (“Ойдун ылдамдыгындай бизнес” китеби 25 тилге которулуп, 60тан ашуун өлкөдө сатылган) бестселлер катары кабыл алынган.
БИР БҮРКҮМ
Базарбек Абдураимов
koom@super.kg