ЭЗЕЛКИ КЕК ЖЕ ӨЗ УУЛУНУН ӨЧҮ

КАПЫСТАН ЖОЛУГУУ

Эртең менен адатынча эрте турган Адылбектин дарбазасына айыл аксакалы Кусейин байке баш бакты. Сыртта малын тейлеп жүргөн Адылбек аны көрүп таңкала түштү:
– Жарыктык, мынча эмне эртелеп? Тынччылык элеби? Кир, кириңиз.
– Адылбек, эшикке чыкчы. Сенде бир сөз бар эле.
Карынын өктөм чыккан үнүнө караганда бир коогалаңдуу окуя болуп кеткендей. Аттап-буттап эшикке чыкты. Сыртта аксакалдын жанында турган жүдөңкү тестиер баланы көрүп селдейе түштү. Жүрөгү «болк» эте аксакалды карап калды.
– Адыке, мен сага атайын келдим. Шаарга кызымдыкына барган элем. Ал жерде баягы Жибек... кошуна турчу эле.
– Жибек?! Адылдын оозунан сөзү түшүп далдырай туруп калды.
– Жаны жаннатта болсун бечаранын. Аркы жумада көз жумган экен. Же ага- тууганы жок бечараны эптеп чогуу иштегендери чогулуп, ошол жакта сөөгүн жашырышкан экен. Анан тиги тестиер баласын багар-көрөөрү жок жалгыз калат деп ойлогонбу, байкуш ооруп жатып: «Кусейин ата келсе айтып кой. Жок дегенде ата тегинде жүрсүн, баланы Адылбекке алып барып берсин» деген экен. Аманатын аткарып, баланы ала келдим. Келин бала деле түшүнөөр...
Адылбек эмне дээрин билбей бирде баланы карап, бирде аксакалды карап туруп калды.
– Коюңузчу, аксакал, эбак бүткөн окуяны кайра баштап...- деп күңкүлдөп калды эле, Кусейин аксакал сөзүн кескин бүтүрдү:
– Адыл, Кудайдан корк, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын десең, баланы алып кал. Ансыз деле сенин жосунсуз жоругуң үчүн бир уруу эл уят болгон элек. Сенин балаң экенин...- деп бара жатып бала угуп турганын эстей калды да, сөзүн бүтүрбөй токтоду.
Адылбектин айласы кете башын чайкады да, оозу бош күңк эте «макул» деди. Ошентип, көзүн жалдыраткан бала Адылбектин үйүндө кала берди.

ТАШТАНДЫ БАЛА

Бул окуянын тамыры тээ тереңде эле. Анда Адылбек борбордо окучу. Айылда калган Жибек менен мамилеси бар экенин айылдаштарынын бардыгы биле турган. Алтургай, ал экөөнүн үйлөнүү тоюна алдын ала камынгандар да бар эле. Адылбек өзү деле Жибекке окуусун бүтүп келээри менен үйлөнөөрүн айтчу. «Экөөбүздүн бирибиз эле окуйлу. Анан мен келгенден кийин сени өзүм окутуп алам» деп Жибекти айылга калганга да көндүргөн ушул Адылбек эле. Бир күнү борбордон «Апа, ата, мен эмдиги жумада келин алып барам, кам көрө бергиле» деген кыска телеграмма келди. Бул күтүлбөгөн окуяга түшүнүп түшүнбөй ата-энеси тойдун камын көрүп калышты.
Ошол күнү Жибек суу алганы эки каруусуна чака илип кетип бара жаткан эле. Жолдогу аялдар өзүн аянычтуу карап, шыпшынышып: «Ай, бейтаалай ай, эч нерседен капары жок» деп өтүп жатканын да байкаган жок. Акыры бир келин чыдабай:
– Ай, Жибек, Адылың колукту алып келе жатыптыр го,- деп шаңкылдап жиберди.
– Ок, антип айтпа!- деп беркиси тыйып калды. Кулагына «шак» эткен сөздүн маанисин биринчи түшүнө берген жок. Анан барып гана кубарып кетти.
– Жок! Андай болушу мүмкүн эмес. Адыл алдабайт мени...- деп кетенчиктеп бара жатып эки колу менен ичин сыйпалап жиберди. Боюндагысы айылдаштарына да билинип калбады беле? Үч ай мурун келгенинде эле үйлөнүүгө убадасын алып кетпеди беле... Кантип? Бозоруп, куду колундагы оюнчугун тарттырып жиберген баладай томсоруп турду. Аалам айланкөчөк болуп, отура калып, башын кучактап боздоп жиберди.
Бирок, Жибектин көз жашына да, болочок наристесине да, ага-тууганынын каршы чыкканына да карабай Адыл шаардан алып келген периштесине үйлөнүп алды. Жибектин көз жашынан, али төрөлө элек наристесинин кусурунан да корккон жок.
Үйлөнүү той болгон күндүн эртеси Жибекти атасы үйүнөн кууп чыкканын айтып айыл ичи «дуу» дей түштү. Андан соң шаарга таежесиникине кеткен Жибектин жарымжан бала төрөгөнүн айтып жүрүштү. Мына ошол Кусейин ээрчитип келген тестиер Календин кыскача тарыхы ушундай эле.

БИРИНЧИ ЖАНА АКЫРКЫ БЕЛЕК

Кален, сен бул жерде отургуча барып балдар менен тоого чыгып, отун алып келбейсиңби?- деди Адылбек.
Бала «жалт» карап алып, жооп бербей бурулуп кетти. Көз ирмемдик убакытта жылт эткен кыжырдын, жек көрүүнүн учкунун байкап калды атасы. Бир жак ыптасы жакшы иштебей араң кыймылдаган Календин ийрелеңдеп малга чөп ташып жатканын карап туруп үшкүрүп алды. «Аттиң ай, чын эле менин каным белем».
– Мага оорулуу балаңдын кереги жок. Балдар үйүнө өткөрүп бер же жогот көзүмө көрсөтпөй,- деген ажаан аялынын жаалына туруштук берип алып калган менен ушуга чейин бир да жолу ата мээримин көрсөткөн жок. Баладай болуп Кален боорун берген жок. Ушундан улам экөөнүн ортосундагы тоңдук бара- бара жек көрүүгө айланып бара жаткан эле.
– Кален, келчи, сени менен сүйлөшчү сөз бар,- деди бир күнү жанына чакырып.
Аксаңдай басып жанына келген баланы карап туруп кыска буюрду:
– Малга жакшы көз сал, биз эки күнгө үйдө жок болобуз. Баса, бул бычакты жаныңа алып ал, - деди да кошумчалай. – Сендей кезимде атам мага шаардан алып келген эле эстеликке. Мен сага берейин деп ойлодум. Анткени... - деп бара жатып тыюу салган нерсени айтып алгандай оозун карманып калды. Календин жүзү былк эткен жок. Муздай тоңгон көз карашы жылыган да жок. Ичинде эмне болуп атат, билип болбойт. Колунда турган кыны кооздолгон бычакты карап тура берди.
– Рахмат!
– Болуптур, жакшы тур,- деген атасы шарт бурулуп жөнөй берди. Бул атанын баласына берген биринчи жолку белеги эле.

ЫЗАЛЫК ЖАНА КЕК

«Эмнеге мени өзүнүн балдарындай көрбөйт? Баары бир мен анын баласымын го? Мунжу болсом да, апам башка болсо да ошонун канымын го? Эч качан алдына алып эркелетпейт. Апам айтчу эле го: «Мен өлгөндөн кийин атаңа бар. Ал сени кор кылбайт» деп, кор кылбаганы ушубу? Бир жолу бешенемден сылап, “балам” деп айтып койгон жок. Айылдагылардын баары «Адылбектин уулу» дешет. Атамчы? Ал мени уулу катары кабыл алдыбы?»
Очоктогу оттун учкундарын карап отурган Кален ушуларды ойлоп жатты.
Апасын эстеди. Ар дайым кабагы чытылып, оор турмуштун азабынан жаны кыйналып жашады. Бир гана уулун медер тутчу. Ооруканада санитар болуп иштечү эле. Ошентип, көр оокат менен жүрүп өзү да ооруга чалдыкты. Сүзүктөп такыр жыгылып кала турган болгондо Адылга жардам сурап кат жазган. Бирок, каты жоопсуз калган эле. Кален отту карап отуруп: «Мен өч алам» деп чечти ичинен. «Апам үчүн, апамдын көз жашы үчүн. Менин тарткан азабым үчүн ошол гана күнөөлүү». Баланын көкүрөгүнө ыза менен жек көрүү толуп бара жатканын ким сезмек?. Эч ким сезген жок.

ӨЛҮМ

Ал күнү куду шайтан азгыргансып уул– кыздарын, аялын борборго таштап Адылбек үйүн көздөй шашып келе жатты. Негедир алып учуп, көкүрөгү бир нерсени сезгендей тыбырчылап келет. Эки күн шаарда жатып алганынабы же жалгыз калган жарымжан бала малды алдырып жибердиби деген ойлордон уламбы, айтор, шашып келе жатты.
Түн ичи эле. Сак жаткан Кален машинанын унү угулганда ордунан ыргып турду. Келип калдыбы? Алгач малдарын карап, анан үйүнө кирген Адылбек Календин өңү адаттан тышкары кубарып турганын туйду.
– Кандайсың? Мал-жан аманбы? Эмне, ооруп турасыңбы?- деген атасынан жүзүн буруп кетти.
Жолдон чарчап келгенгеби, тез эле уйкуга кетти. Караңгыда атасы белек кылган бычакты сунуп Кален атасына жакындай берди. «Ата, эч качан “ата” деген сөздү айтпасам да ата деген сөзгө зар болуп келгем. Бирок, сен ал сөзгө татыбайсың. Атүгүл, жашоого татыктуу адам эмессиң!» деп жатты Кален солкулдаган боюн токтото албай. Анан көзүн жумуп, бычакты бир шилтеди. Алдындагы адам атасы экенин, дегеле адам экенин унутуп, болгон күчү менен бычакты денеге бир нече ирет бышып алды. Ызасы, кеги, бардыгы кошул-ташыл болуп кеткен Кален ушул учурда жырткычка окшош эле.
Кален бычакты таштап жиберген соң, жерге шалак эте отура:
– Мен өч алдым! Ха-ха-ха, мен өч алдым!- деп каткырып жиберди.
Анын ызалуу күлкүсү кан жыттанган үйдү жаңырта берди...

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 194, 21-27-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан