СУПЕР СУЛУУ-2011. ДАЯРДЫКТАР КЫЗУУСУНДА

Сулуулар сынагы менен коштолгон жылдын жыйынтыктоочу “Супер-2011” концерти 12-13-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда өткөрүлмөкчү. Эскерте кетсек, “Супер сулуу-2011” сынагында 15 финалчынын арасынан суурулуп чыккан сулуу кыштын ызгаар суугунда экзотикалык өлкөнү көздөй эс алууга сапар тартат. Кыздардын келбетине, ажарына, баскан-турганына жана өзүн алып жүрүүсүнө ар кандай чөйрөдөн чогулган калыстар тобу баа бермекчи. Ошондуктан бийкечтердин азыр толкунданып, сынакка даярданып жаткан кези. Алар төмөнкүдөй тапшырма менен тандалышат:

1. Саламдашуу, өзүн тааныштыруу.
2. Купальникчен чыгуу.
3. Чыгыш бийин бийлөө.
4. Кече көйнөгүн көрсөтүү.

Кыздарды даярдоо түйшүгүн “Дизайн мода” моделдик агенттигинин окутуучусу Бермет Курманбекова менен шоумен, бийчи Бакыт Байсариев моюнга алышкан. Азыр алар кыздарга дефиле жана чыгыш бийин бийлөө боюнча сабак өтүшүүдө. Эгер бийкечтердин чимириле көз жоосун алган бийин жана сулуу жүзүн өз көзүңүз менен көргүңүз келсе, анда концертке азыртадан камына берсеңиз болот. Ал күнү “Супер сулуу” наамына ат салышкан ай чырайлар сиздер үчүн талантын тартуулашат.
Жылдын мыкты шоусун өткөрүп жибербеңиз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
nnk1-09
2011-11-28 11:12:54
byltyrky suluularga jetpeit eken!!
0
gulkg
2011-11-28 13:33:33
iygilik kyzdar
0
vivat005
2011-11-28 15:24:21
Только сильная,смелая и достойная победит.Ух,нелегкая доля выпало для жюри.Коруп козум балбылдап, башым айланды, бирок журогум - Айчурокту женишке татыктуу деп согот.Конкурста женбесен да, мени жендин.
0
2011-11-29 20:04:15
уят
0
Ciara
2011-11-30 17:07:55
jelayu vsem udachi!!! Pust pobedit samaya dostoynaya!!!!
0
12345
2011-12-01 15:07:37
супер сулуу болуш учун эле мынтип чечинип алганынар болбойт кыздар Мусулман динине бул туура келбейт. сулуусунар аябай соз жок бирок чет олконун сулууларына тенелип купальникчен корунгонунор жарашпайт экен коруп ичиркенип кетти неужели ушул кыргыздын кыздары болсо
0
Tareg
2011-12-03 23:42:04
aaaaaa kokui uyat.... Shermende ele boldunar go kyzdar.... Kupal'nikti emne kylasynar, any dele chechip salgyla. Eneden tuuma bolup ele chykpaisynarby?
0
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан