Атактуу «Инсан» тобу жаңы дем, жаңы күч менен чыгармачылыкка белсенип турат. Тынай Алыбаев жеке ырчы болуп бөлүнүп кеткендиктен, топтун курамына жаңы солист алынган. Топтун негиздөөчүсү, мыкты аранжировкачы Эркин Мээркановдун айтуусунда, ал «Инсанга» үчүнчү дем берип жатат.