“Супер-Инфо” гезитинин жарнамалык түрмөгүндө Мирбек Атабеков көздөрүнө арбалган Асел аттуу сулуу бийкечти билсеңиздер керек. Ал “Назик” бий тобунда чимириле бийлеп да жүрөт. Кашын бир кагуу менен жигиттердин жүрөгүнө чок салган Асел Кудайбердиева 28-ноябрь күнү кыргыздын бактылуу бир мырзасынын колун бекем кармап, жаңы турмушка кадам таштаганы турат. “Мени эле күтүп жүрүшкөнбү, артымдан баары турмушка чыгып жатышат”,- деп сүйүнгөн Назик “кызын” узатууга катуу чуркап жүргөнүн кабарлады.