Кыргыз шоу-бизнесинде көпчүлүк ырчылар продюсерлери менен чыр-чатак менен “ажырашып” жатышканы баарына белгилүү эмеспи. Ырчы Эрлан Андашев продюсери Айбек Акматов менен иштешпей калганын маалымдады.
Бул тууралуу ырчы: “Айбек башка ырчылар менен иштеше баштады. Мага колу бошобой деле калган. Бирок биз бири-бирибизге түшүнүү менен карап, сый мамилени сактап калдык”,- дейт.