«Аралаштын» алпы аталган куудул Рахман Разыковдун үй-бүлөсүндө чоң кубаныч. Анткени 25-ноябрда «Беш тапан» куудулдар тобундагы 25 жаштагы уулу Каныбекти үйлөндүрдү. «Келин кайдан?» десеңиз, кайра эле өзү түзгөн «Беш кемпир» куудулдар тобундагы Айзада Ташиева аттуу куудул кыз. Ошентип, курсактуу куудул агабыз Жалал-Абаддан куда күтүп, Оштун беделдүү ресторанында тууган-туушканына той берип бапырап жүрөт.
Куудул аке, куда кут болсун, келиндин колунан көк чай ичип жүрө бериңиз!