«КЛОН» ТАСМАСЫНЫН ИДЕЯСЫ ТУРМУШТАН АЛЫНГАНБЫ?

Бир жылдары ушул сериалды көрүш үчүн сааттын жебесин санап калган күндөр болгон эле. Көрүүчүлөр сериалдын баш каарманы Жади сүйүнсө кошо сүйүнүп, ыйласа кошо ыйлап, айтор, ошол сериалды көрсөткөн каналдын популярдуулугу арткан. Сөз кайсы сериал жөнүндө болуп жатканын баамдаган чыгарсыз. Ооба, ал баарыбыз сүйгөн «Клон».

Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Жайме Монжардин
Сценарийин жазган – Глория Перез
Ролдордо – Мурилу Бенисиу (Лукас), Жованна Антонелли (Жади), Вера Фишер (Иветти), Далтон Виг (Саид), Даниэла Эскобар (Маиза), Антониу Калони (Мухаммед), Жука ди Оливейра (Альбиери), Стенио Гарсия (Али), Летисия Сабателла (Латифа), Адриана Лесса (Деуза)
Өлкөсү – Бразилия
Чыккан жылы – 2002
Сериялардын узактыгы – 45 мүнөт
Сериялардын саны – 229

МУСУЛМАНДАР БРАЗИЛИЯЛЫКТАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН
Эмне себептен бул сериал популярдуу болгон жана ушул мезгилге чейин популярдуулугун жоготпой келет? Анткени «Клон» сериалынын өзгөчөлүгү, Бразилия гана эмес, дүйнөлүк кинематографиянын тарыхында алгачкы жолу ислам динине чоң маани берилген. Сериалдагы олуттуу темалардын бири, азыркы өсүүнүн заманында илимдин өнүгүшү менен адамдын көчүрмөсүн жасоо (клондоо) жана баңгизатынан көз карандуулук көйгөйлөрү козголот. Сериалдын идеясынын автору, сценарист Перездин билдирүүсүндө, анын клон темасына кайрылышына 1997-жылы клондолгон Долли аттуу кой тууралуу жаңылыкты угуп, абдан таасирленгени себеп болгон.
Авторлордун айтуусунда, сериалды башталышында эле бир топ тоскоолдуктар күтүп турган. Бет ачарына эки жума калганда дүйнөнү террорчулардын Нью-Йорктогу эгиз мунарага кол салганы тууралуу жаңылык дүңгүрөткөн. Жогорудагы окуядан соң эч бир адам мусулмандар тууралуу ооз ачууну каалабай турганда, режиссёр Глория Перез гана коркпой «Глобо» каналына «Клон» сериалын сунуштап эрдик жасаган. Ар тараптан айтылган сындардын мизин кайтаруу үчүн сценарист Глория Перез маалымат жыйынын өткөрүп, бул сериалда саясат менен динге басым жасабаганын, жөн гана мусулмандарды башкача көз караш менен көрсөткөнүн айтып актанганына карабастан, сериалдын бет ачары кийинки жылга жылдырылган.

АКТЁРЛОР СЕБЕПСИЗ ЭЛЕ РОЛДОН БАШ ТАРТЫП...
Фильмди ишке ашыруудагы эң жоопкерчиликтүү мүнөттөрдүн бири, каармандарга бардык жагынан төп келген актёр тандоо болгон. Сериалдын жаратуучулары сценарийдеги каарманга окшош актёрлорду таап ролду сунуш кылганы менен, көпчүлүк актёрлор болбогон себептер менен эле баш тартып коюшкан. Анткени аларга коюлган талап күчтүү болчу. Актёрлор бир гана мыкты ойнобостон, келбети, жүрүш-турушу, жадакалса ички дүйнөсү жагынан да өзүн мусулман өлкөсүнүн өкүлү катары сезүүгө милдеттүү эле. Мисалы, Жадинин ролун актриса Летисия Спиллерге сунуштап, бирок ал театрды тандап кеткен. Алинин ролун актёр Жозе Майер аткармак, бирок ал башка сериалда роль жаратып, убактысы тардыгына байланыштуу ролдон баш тарткан. Эң эле оор түйшүк үч каармандын образын жараткан актёр Мурилу Бенисиунун моюнуна жүктөлгөн болчу. Актёр режиссёрдун ишенимин актап, үч каарманды (Лукас, Лео, Диего) тең жандуу жана өзгөчө аткарып бере алган.
Сериалдын атагын ашырган дагы бир жагдай – баш каарманды ойногон актёрлор Мурилу Бенисиу (Лукас) менен Жованна Антонеллинин (Жади), Вера Фишер (Иветти) менен Лусиано Цафирдин (Зейн) ортолорундагы сүйүү романдары басылмаларда активдүү талкууланып келгендигинде.
Жованна менен Мурилу 2005-жылы ажырашышкан, ортолорунда Пьетру аттуу уулу бар.

ЭМГЕКТИН АКЫБЕТИ КАЙТКАН
Бразилиядагы атактуу сценарист Глория Перездин аталган сериалды ишке ашырууда тарткан убарасынын акыбети кайтып, сериал көрөрмандардын купулуна толгон. Сериал 90го жакын мамлекетке сатылып, Түштүк Американын эң ийгиликтүү долбоорлорунан болуп калды. Перез мусулмандар менен жакындан таанышуу үчүн атайын Египет, Марокко өлкөлөрүнө саякатка чыгып, Куранды толугу менен окуп чыгат. Сериалдагы окуялардын жүрүшүн Мароккодо тартуу идеясы да ушул саякаттан улам келип чыккан.

ТАРТУУ ТОБУ ҮЧҮН 25 ТӨӨ АЛЫНГАН
Тартуучу топ Мароккого 4 тоннага жакын жабдык көтөрүп келишет. Алардын көпчүлүгүн камералар, аудио жана видеоаппаратуралар түзгөн. Сахара чөлүндөгү 50 градус ысыкта актёрлор гана эмес, аппараттар да чарчап, иштебей калганына байланыштуу тартуучу топ бир топ эле кыйынчылык тартып жүдөшөт. Атайын тартуу тобу үчүн 25 төө жана аларды 12 киши коштоп жүргөн.
Мароккодо тартылган ар бир серияга 100 миң реал короп турган. Бирок сериал экранга чыккандан кийин жогорудагы чыгымдар заматта өзүн жапкан. Анткени сериалдын ортосунда кетчү 30 секунддук жарнамалык ролик үчүн 50 миң реал төлөнчү.

ЖОГОТУУ АРТЫНАН ЖОГОТУУ
Сценарист Глория Перездин тагдыры эле бир сериал тартууга татыйт. Анткени Глория башынан оор күндөрдү кечирген. 1992-жылы 22 жаштагы кызы, атактуу актриса Даниэла Перез киши колдуу болуп каза табат. Аны өлтүргөн актёр Гильермо де Падуа абройлуу апасы бар Даниэланын көңүлдөшү болгон. Бирок ал мезгилде Даниэланын күйөөсү (Раул Газолла, «Клондогу» Миро) бар болчу. Глория кызы үчүн мени атактуу кылат деп ойлогон Гильермонун тилегин таш капканда андан өч алып, Даниэланы 17 жолу кайчы менен кескилеп, кыйнап өлтүрөт. 2002-жылы Глориянын атасы, андан бир аз өтпөй уулу Рафаэль оор оорудан каза табышат. Ал эми Орусиянын телеканалдарынын биринде өткөн «Эсте калган жагымдуу өтмүш» деген аталыштагы көрсөтүүнүн коногу болгон сценарист Глория Перез идеянын жаралышы тууралуу мындай дегени бар: 
«Менин жашоомдо мусулманчылык менен байланышкан окуя болбогондо, фильм тартылбай калса керек эле. Анткени кызым мусулман жигитти жактырып калган. Мен ал жигит менен кызымдын жашашына каршы болгом. Каршылык көрсөткөн сайын кызымдын ал жигитке ыктаганы мени таң калтырган. Көп жыл өтүп, кызымдын өлүмүнөн кийин гана мен анын чыныгы махабаты ошол адам экенин билдим жана бул окуяны жазып чыккым келди. Сериалдын үстүнөн иштөө учурунда гана мен аталган суроолорго жооп таптым. Көрсө, биз, христиандар, туура жолду тандай албай кыйналат экенбиз. Ал эми мусулмандардын төрөлгөндөн эле тагдыры аныкталып калат экен. Жараткан алардын бул дүйнөгө келгенден баштап кеткенге чейинки ар бир мүнөтүн жазып коёт. Андыктан алар тагдырына таарынып отурбай, жашоонун агымы менен гана жашай беришет экен».
Өз турмушу тууралуу белгилүү сценарист Глория Перез: «Мен ар бир каарманымда жашайм. Менин жумушумдун өзгөчөлүгүн түшүнгөн мырзаны табуу кыйын. Мага жеке жашоомдон да сценарийдеги мамилем кызык. Анткени мен каармандар менен бирге сүйөм, ыйлайм, ажырашам, мушташам, күрөшөм, кээде өзүмдү башка дүйнөдө жашап жаткандай сезем»,- дейт жылмая.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Сериал башында Фес шаарында тартылып, каражаттын жетишсиздигине байланыштуу кийинчерээк Бразилияда атайын жасалма шаар жасап тартышкан. Лукас менен Маизанын, Мухаммед менен Латифанын үйү, доктор Альбиеринин лабораториясы бир эле көчөдө жайгашкан.
  • Сериалдын мусулмандар менен көптөгөн жылдар бою жер талашып келген Израиль өлкөсүндө да рейтинги жогору.
  • Актёрлор Мурилу Бенисиу менен Жованна Антонелли 2002-жылы Бразилияда «Эң жарашыктуу түгөй» наамын алышкан.

Лунара Бекиева
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
bai.kymbat
2011-11-28 12:29:59
Кайра болсо,тажабастан корот элем
0
ymyta
2011-11-28 13:13:28
bai.kymbat Интернеттен коро берсениз болот тажабай.
0
ALBIKA
2011-11-28 13:50:04
Чынында карынын да,жаш баланын кызыгын арттырган жакшы сериал.
0
moon.alty6a
2011-11-28 16:43:41

En soooooonun serial ele. Kaira da berip koiso korot elek..
0
senchi
2011-11-28 17:02:54
да, мааниси ото кен сериал!!! ушунчалык таасирлентет адамды, Глория Перезке чооон рахмат !!! мусулман элинин тагдырын озгочо коз караш менен карап жазган азамат!!!
0
Tokmok
2011-11-28 17:30:12
Jalan ele brazilialykdar atkargan turbaiby, musulmandyn obrazyna kirip en sonun atkaryshkan.
0
janet
2011-11-28 18:10:32
сонун сериал да, мага жагат. Дагы бир кызык сериал бар Дороги индии деген, ал да жакшы тартылган.
0
lara
2011-11-28 22:39:45
Bul serialdyn maanisi 4on 4yn ele, men daagy ele kaitalap korup atam, Ali degendin aitkandary en jakwy taalim beret,brazilialyktar azamat musulmandardy daana 4agyldyryp bergen jana din jagynan az da bolso maalymat beriwken.
0
gulnaz-1708
2011-11-28 23:10:23
даааа мага да абдан жагат бул сериал
0
Beka_kg
2011-11-28 23:37:49
Korduk go bul seriyaldy.
0
peach
2011-11-29 13:06:15
OMG chon rahmat
0
Eshka
2011-11-29 14:29:37
Жакшы сериалдардын бири.
0
aibek_kyrgyz
2011-11-30 04:21:01
men aiagyn korboim kaldym ele.
0
perla.91
2011-12-01 16:25:48
abdan sooonun serial ele,maga jak4u!
0
honey77
2011-12-02 23:41:00
бул сериалды кыргызчага которуп коргозушсо, сериалдын ортолорунда рекламадан эле КТР сонун акча таап алышмак...
0
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан