Бир бүркүм... ОКУУЧУЛАР МУШТАШЫП, БИРӨӨ КӨЗ ЖУМДУ...

  • Оштун Кара-Суу районунда тургузулуп жаткан эки мектептин курулушу жакында аяктап, 2012-жылы колдонууга берилет.
  • “Март-элдик революция” коомдук фонду өткөргөн маалыматтык жыйында Жогорку Кеңештин 24-Март – Революция күнүн жокко чыгарганына нааразычылык айтышып, бул күндү мурдагыдай эле майрам катары калтыруу талабын коюшту.
  • Ош шаарындагы “Транс Ордо” ассоциациясы жана айдоочулар коомдук уюму иш таштоо менен митингге чыгышып, алар Транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаковго нааразы экендигин билдиришүүдө.
  • Экономикалык тескөө министрлигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2011-жылдын 1-ноябрына карата Ош облусунда расмий катталган жумушсуз жарандардын саны 12 миң 756 адамды түздү.
  • Депутат Каныбек Иманалиев мектептердеги кенже класстарга ысык тамак берүүнү токтотуп, ага жумшалган каражатты окуу басылмаларына жумшоо керектигин айтып чыкты.
  • Каракол шаарынын Кашка-Суу кичирайонунун айрым үй-бүлөлөрү аргасыздыктын айынын буу казандан келген сууну ичишүүдө.
  • Ошто “Манас” монументинин куруу иштери дээрлик аяктап калды. Ага 2 тонна жез жумшалган.
  • Жогорку Кеңеште жашы жете элек балдарды зордуктагандарды 25 жылга же өмүр бою эркинен ажыратуу маселеси каралып жатат.
  • Бишкек мэриясынын алдындагы “Жашылдандыруу-курулуш” муниципалдык ишканасынын директору билдиргендей, келечекте Кара-Жыгач сейил багында зоопарк ачуу иши пландалып жатат.
  • 24-ноябрда Токмок шаардык соту Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш ишинин кароосун аяктады. Ал жабыркоочулардын өкүлдөрү күнөөлөөнү колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу токтотулган.
  • “Альфа Телеком” ишканасынан ири суммадагы акча алып чыгып кеткен” деп айыпталып, учурда тергөө абагында отурган Раушан Рыкунованын баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту кайра карамай болду.
  • 25-28-ноябрь күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүп, жолдордун тайгак болушу күтүлөрүн Гидрометеорологиялык кызмат билдирет.
  • Өлкөнүн карызы 1-октябрга карата 2,985 миллиард долларды түздү.
  • Экономикалык тескөө министринин орун басары Олег Панкратовдун айтымында, эгерде Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, биринчи орунда автоунаа менен тоок санынын баасы кымбаттайт.
  • Евразиялык экономикалык союз боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Сергей Глазьев Бишкек шаарына сүйлөшүү үчүн келип, Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевге жолукту.
  • 23-ноябрда Ысык-Көлдүн Тогуз-Булак деген айылында окуучулар катышкан массалык мушташ болуп өткөнүн жергиликтүү агенттик кабарлайт. Окуяда 9-класстын бир окуучусу көз жумду.

Турдугүл Каримова
Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
honestbek
2011-11-28 18:04:27
Депутат Каныбек Иманалиев мектептердеги кенже класстарга ысык тамак берүүнү токтотуп, ага жумшалган каражатты окуу басылмаларына жумшоо керектигин айтып чыкты. дейт андан коро 2депутатты кыскартсак балдар ток болот,бир стакан чай булочканы да ыраа корбой атасынарбы?
0
ulia
2011-11-29 13:34:46
Депутаттар жон койсо жон койсо ичкен тамагынарды да бизге эле берип силер ачка журо бергиле дегенден кайтпайт андан коро башка жактан акча таппайбы
0
Chika78
2011-11-30 17:37:21
Каныбек мырза акчаны кайдан кысышты ойлонуп туруп айтканбы же туш коргонбу? Ушул эле калды эле.Коз коруноо жаш балдардын тамагына асылган депутат эмес эле, жепжутаар го башка амал калбай калыппы?Андан коро айлыгын которсун,женилдиктен баш тартайлы дебейби эсеби чыгат ошондо оной эле.
0
Chika78
2011-11-30 17:38:54
Элге кылган кызматы ушулбу,жеп жутардын!!!
0
kake75
2011-12-03 22:49:58
Каныбек Иманалиевдин балдары жонокой мектепте окубайт ошон учун 1стакан чай 1булочканын баркын билбейт.Эртен менен жаш балдардын табити жок уйунон тамак жакшы ичпей келээрин билбесе керек депутат мырза.
0
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан