Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мекендешибиз аёосуз өлтүрүлдү. 39 жаштагы маркум аялдын сөөгү 17-ноябрь күнү өзүнүн үйүнүн короосунан табылып, анын башына тийген оор соккудан улам набыт болгондугу экспертизада аныкталды. Укук коргоо органдары шектүү катары өзбекстандык жаранды кармашты. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын кызганычтан улам кол салууга баргандыгы айтылууда.
Каза болгон аял менен Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин көп кабаттуу үйдө коңшу турушчу экен. Тактап айтканда, Владимир Путин ошол үйдө катталган.