Мындай куш кабарды "Microsoft" корпорациясынын Борбордук Азия боюнча жетекчиси Татьяна Телегина маалымдады. Анын айтымында, "Windows-7" жана "Office-2010" компьютердик программалар жыйындысы үчүн 2 жылдын аралыгында 200 миң сөз кыргыз тилине которулуп чыкты. Эске салсак, "Windows-7" дүйнөнүн 45 тилине гана которулган, эми кыргыз тили да алардын арасына кирди. Албетте, бул көрүнүш биринчи кезекте англис же орус тилин билбеген кыргыз тилдүү колдонуучуларга ыңгайлуулук жаратат. Кыргызстандык колдонуучуларга белек катары ар бир каалоочу акысыз түрдө өз компьютерине бул программаларды койдура алат. Ал үчүн жогоруда аталган программалардын мыйзамдуу колдонуучусу болушу кажет.