ЖАНЫБЕК АЙДАРАЛИЕВДИН ӨЛҮМҮНӨ АЙЫПТУУ АДАМ АТЫН АЛМАШТЫРУУГА ЖЕТИШТИБИ?
21-ноябрь күнү “Тумар” радиосунун үн режиссёру, маркум Жаныбек Айдаралиевдин жакындары Башкы прокуратуранын алдында митинг өткөрүштү. Алар прокуратурадан иликтөө процессин тездетип, кылмышкерди таап, камакка алууну талап кылышууда.
Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси
(бейбаштыктын негизинде адам өлтүрүү) боюнча кылмышка шектүү деп күнөөлөнүп жаткан Максат Эралиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу чечим чыгарылган. Буга чейин Максат Эралиевге издөө жарыяланган эле. Бирок иликтөө иштеринин жүрүшүндө болжолдонуп жаткан кылмышкер фамилиясын Аскарбеков болуп өзгөртүп алганы билинди. «
Айыпталып жаткан Максат Эралиев фамилиясын өзгөртүп, 1984-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган Аскарбеков Максат Аскарбекович болуп калган»,- деп билдирет Башкы прокуратура. Кылмыш ишинин жүрүшү тууралуу маалыматтар учурда Бишкек шаардык прокуратурасынын көзөмөлүндө. Фамилиясын өзгөрткөнүн го түшүнөбүз, бирок туулган жерин жана туулган жылын өзгөрткөндүгү үчүн паспорт столунда иштегендер да жазасын алар бекен?
Жаныбектин жубайы Айжан Кулибаева (
Алина Баженова): “
Кылмыш иши козголгондон бери 34 күн өттү. 3 тергөөчү алмашты, бирок эч кандай жыйынтык жок. "Мына кармайбыз, эртең кармайбыз" деп эле жүрүшөт. Менин оюмча, аны жогорудан бирөө калкалап жатат. Атасы прокурор, апасы сот болуп иштеп, майлуу-сүттүү орундарда отурган тааныштары бар экен. Алар тергөө ишин үзгүлтүккө учуратууга бүт аракетин жасашууда”,- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
эх, качан адилеттуулук болот?..(((
Токтобой тергоочулордун артынан тушуш керек, антпесен шыр эле ишти жаап салышат.
Жаныбектин жубайы талыкпай тигилерди турткулоп турбаса, бул иш да комускодо калышы мумкун...
Бизде акчасы кишиси бар болсо.соттор да ошолордун созун суйлойт.Колунда жок бироо шектуу экен десе кайдан болсо да таап келип куноосу бар жогуна карабай мойнуна алдырып.Мурда ачылбай калган кылмыштарды кошо кыйнап мойнуна алдырып бат эле соттоп жиберишет.Ички иштер органдары таза эмес жалан пара ме иштешет.Соттор дагы ошондой буларда адилеттуук жок.Дагы уялбай сот прокурор мент баардыгы шакалыыыат балжыраган мармаалады соз жок.
ээ кудай аделеттуулук деген нерсе кайда клды же бизде баардыгы акчага сатылабы, эртен мен да кыйгач карап койдун деп бироону олтуруп, атам прокурор деп басып журо берсем окшойт. тфу-тфу, кудай сактасын. ошол сот прокурор чондор дегеле биринчи озунун балдарын тарбиялап алсын.
аттин дунуйо,каза болоордон мурун эле жубайы Алина Баженованын суперинфого берген интервьюсунан жолдошу менен сыймыктанаарын,суйоорун жана бактылуу уй-булолордон экендигин коруп суктанган элем.Кудайым баарыбызды бейажал олумдон сактасын,жакындарына сабыр тилеймин,жайы жаннаттан болсун!
Адилеттуулук жок.Кудайдан корккон адам жок.
Oshondoi mykaachy, zookur balany tarbiyalap anan eshe ani jaap jashirip, ata-enelerinde adilettuuluk kaida, balasy olturgondu bilse, sot aldinda joop bergendi da bilsin.
атасынын апасынын атын атап аларды уят кылын жана артынан калбастан тушуш керек сот болсо эле балее бекен акмактар
алардын башына да тушот мындай кун! кудайым баарына жазасын берет! бир адамдын айбандыгынан, уй булоо бузулуп, жаш адамдын гулдоп турган учурунла омурун кыйды! эх аттин!
Курманжан датка:
Ажалга тике кара деген.
Сталин:
Генералды,солдатка алмаштырбайм деген.
Темага келсек:
Ата-Энеси баласын качырып,паспорт алып берип,сотторго пара берип жаткандан кийин...кайда баратабыз?кылмыш кылдыбы?жазасын алсын!
Паспортстолдо иштегендерди ,акча менен башына бир чапсаң.....күлүп жиберишет!конечно баары эмес!
Ал өлтүргөн баланы смотрящий деген эле го АЙжан Кулибаева
kaisy kunu ak4a dep gurup,koz gumar ekenbiz.Adilettülük degen jok bizde,a4yk ele aitaly,Kantip uwul iwke Ditiner baryp gatat?Kantip owol adamga pasport gazap beriwti?!!Ak4anyn ku4uda.Gawoodoku Devizibiz:-degi uwu organdarda iwtegender m.n Goluktura korbo bolot okwoit.(kone4no baary emes,Akmak4ylyka Diti bargandarga).Aman ele bolgula.Uwul jol m.n tapkan ak4a,kyiratyp dele garap berbese kerek...Aw dele bolboit.
аман эле болгула бийликтин байлыктын кулдары!!! силер да ушундан жаман абалга туш болоорсунар кудайым оз жазасын беш эселеп берээр буюрса!!!