Парламентте түзүлө турган коалиция коомчулуктун көңүл чордонунда. Жакында эле “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Нарындагы партиялаштары менен жолугушууда бир катар экономикалык сунуштарды ортого салды.
Ал план Акаев жана Бакиевдин бийлигинен ушул күнгө чейин иштеп келген коррупционерлерди иштен алуу менен башталат. Экинчиден, сырттан ташылган бензинге спирт кошуп суюлтуу сунушу айтылды. “Кумтөрдүн” акцияларын сатып, анын акчасына темир жолдун биринчи баскычы болгон Балыкчы-Кара-Кече багытын кытайларга салдырбай, өзүбүз деле жасай алабыз”,- деди. Ушул сыңары бир канча долбоорлор өкмөт тарабынан кабыл алынса, “Ата Мекен” коалицияга кирүүгө даяр. “Бизге бир-эки майлуу орундун кереги жок, анткени бул жебеген самсага акча төлөгөнгө барабар болуп калат”,- деди Текебаев.
Ошол эле учурда «ата мекенчи» депутат Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, эгерде жаңы коалициянын курамына бардык 5 фракция тең кире турган болсо, анда «Ата Мекен» партиясы парламенттик системаны сактоо максатында оппозицияда калууну улантат.