Аскердик кызмат өтөө боюнча мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр каралууда. Демилгечилердин башында турган депутат Исмаил Исаковдун айтымында, бир айдын ичинде чукул аскердик кызмат өтөгөндөрдүн саны жыл сайын жогорулап барат. “Бир айдын ичинде алар эмнеге үйрөнүшмөк эле? Кокусунан согуш башталып кетсе, Улуу Ата Мекендик согуштун алдындагыдай маселелер курчуйт. Анда учкучтарды эптеп даярдай коюшуп, кийин өздөрүн да, учактарын да өлтүрүшкөн”,- дейт эл өкүлү. Соңку жылы “бир айлыктардын” саны 7 миңден ашып, 12 миң сом төлөө менен Ата Мекендин алдындагы жигиттик парзынан оңой кутулушууда.
Эми жаңы мыйзам долбоорунун алкагында аскерге чакыруу 16 жаштан башталары каралууда. Ошол эле учурда милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөө курагы 18ден 19 жашка жылдырылды. 27 жашына чейин ыйык милдетинен кутулбаган жигиттерге 25 миң сомдук айып пул тагылат.