Бул апта KG деген эн белгиси бар унаалардын тегерегиндеги ызы-чуулуу кептер менен башталып, талкуу ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибековдун брондолгон унаасына чейин жетти. Өзгөчө номурду тагып жүргөн унаалар ушунчалык тажатканбы, KG номурлуу машиналарда кимдердин чалкалап жүрөрү чагылгандай тездик менен жарыяланды. Тизмени карасаң, Жогорку Кеңештин кароолчусу менен пол жуугучтары эле жетпей калгандай сезим калтырат.
Келдибековго келсек, депутат Төрөбай Зулпукаров спикерди ташыган брондолгон унаанын дөңгөлөгүнө эле 1,5 миллион сом сарпталарын айтты. “Алтын жалатылганбы?” деп таң калалы десек, көрсө, ал унаа бирден гана чыгарылып, тетиги да ошол эле заводдон келет экен. Муну төрага өзү билдирди. Андай унаада бир эле төрага эмес, Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев да жүрөрүн уктук. Ахматбек мырза кайрадан такалоого дуушар болуп: “Депутаттар анда мыйзам чыгарсын. Ага ылайык, спикер, премьер жана президентке каска менен бронежилет кийгизилсин. Анан биз жөө жүрөлү”,- деп салды. Айтмакчы, учурда төрага 2007-жылы чыгарылган 0001 KG номерлүү Mercedes-Benz S 600 L үлгүсүндөгү унаада жүрөт.