Президенттик шайлоодон утуп чыккан Алмазбек Атамбаев өткөн аптада премьер-министрлик кызматына киришкен болчу. Дүйшөмбү күнү Алмазбек мырза бир жумалык эс алууга чыкты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, болочок президент дем алуу убактысын үй-бүлөсүнүн кашында өткөрүүдө.
Андан соң, буюрса, эмдиги аптанын бейшемби күнү, 1-декабрда Алмазбек Атамбаевдин инаугурациялык салтанаты болуп өтмөкчү. Анда расмий түрдө мамлекет башчы Роза Отунбаева бийлик чылбырын санаалашы, партиялашы жана саясий шериктешине өткөрүп берет. Баса белгилөөчү жагдай, Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришүү алдындагы ант берүүдө “Кудай” деген сөздү колдонот дешүүдө. КСДПнын лидерин буга чейин бир канча ирет массалык эл чогулган намаз окуган жайлардан көрүп жүрөбүз.