Өткөн саныбызда «Ата Журттун» «көзүрү» Камчыбек Ташиевди партиянын лидерлигинен оодарып түшүү боюнча операция башталганын жазган элек. Ак үйдөгү бул фракциянын ичинде түзүлгөн ыңгайсыз кырдаалдан кимдин пайда көрөрүнө байкоо салдык.
Алгач Камчыбек мырзанын былтыркы парламенттик шайлоонун алдындагы эмгегин эске салалы. «Ата Журт» түзүлгөндө «Бакиевдин командасындагы «көзүрлөр» чогулуп алышыптыр» деп кара пиардын «бомбалоосуна» дуушар болсо да, шайлоонун жыйынтыгында революциялык партиялардан озуп чыккан. Ал жеңиш Камчыбек Ташиевдин аброй-атагына байланыштуу келгени жаңылык эмес. Эгерде бул киши болбогондо, азыркы “Ата Журт” парламентке өтпөй калган 24 партиянын катарын толуктамак десе болчудай. Сөзүнө бекем тургандыгын, бийлик үчүн жашап жүрбөгөндүгүн жана принципиалдуулугунан тайбасын Данияр Үсөнов менен айтыша кетип, Ак үйдөн кылчайбай чыгып кеткенинде эле көрсөткөн болчу.
Анан кечээ жакында “Ата Журттун” арты менен ЖКнын төрагалыгына келген Ахматбек Келдибеков “Ташиевди фракциянын лидерлигинен түшүрүү аракети болгонун билбейт экем” дептир. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар экендиги белгисиз, бирок саясий тар чөйрөдө «Ташиевди жетекчиликтен ыргытуунун башында спикер турат» деп шыбырашууда. «Ондон ашуун «ата журтчулар» биригип, коалициянын курамында калуу жана майлуу орундарды сактоо үчүн Ташиевди курмандыкка чалышууда” деген күбүр-шыбырлар жүрөт.
Ошентип, бүгүн Ташиевди курмандыкка чалып, жылуу “креслосун” сактап калууга жан талашкан “Ата Журттун” айрым депутаттары кечээ ошол кишинин арты менен парламентке келишкенин унутта калтырышкан өңдүү. Же мунун баарына саясаттын туруксуздугу себеппи? Эгерде Ташиев президенттиктен утуп чыкса, азыр элдин баары анын тегерегинде бөйпөлөктөп, баарынан мурун азыр “кидать” эткен партиялаштары “улуу урматтуу мырза” деп турушмак.
Камчыбек мырзанын өзүнө байланышуу аракетибизден майнап чыкпады. Атүгүл кабылдамасынан да үн каткан адам болбоду. Ташиевдин жакын чөйрөсүндө «Камчыке лидерлик мындай турсун, мандатын тапшырып чыгып кетүүгө даяр. Бир гана шайлоочуларынын алдында берген убадалары үчүн карманып турат» деген сөздөр айтылып жатат.
Сөздүн соңунда кырдаалдын алмашышына карап күн тийген жакка ооп кетмей аткаминерлерден айырмаланып, эч кимге сатылбай, өз принцибин бийик тутуу бир күнү болбосо бир күнү жемишин берерин Кыргызстандын тарыхы эчак эле тастыктап койгонун белгилегибиз келди.