ОМАР НЕГЕ КАПА БОЛДУ?

Бир төкмө акын “Эстебес, Алымкул өңдүү таланттардын таманы тийген филармонияда өнөрлүү адамдар ырдагысы, иштегиси келет. Атаганат, бирок...” деп арманын айтты эле. Ошол сөздү бүгүн Омар да айтууга толук негиз бар. Анткени Омар “17-18-ноябрда филармонияда концерт берем” деп жалпыга жар салган. Концерттин алгачкы күнү, 17-Ноябрь – Студенттер күнүндө филармонияга эл чогулду. Омар фольклордук, эстрадалык деп атайын 2 бөлүккө бөлүп программа түзгөн экен. Концерт аяктап баратканда филармония кызматкерлеринин концерти” башталарын эч ким күтпөсө керек. Омар музыканттар менен тааныштырып жатканда сахнанын көшөгөсү жабылып, свети өчүп, сумсайып эле отуруп калдык. 5 мүнөттөй “капырай, эмне болду? Кечиксе жарым саат кечигип башталгандыр, анан эмнеге көшөгөнү жаап коюшат? Жо-ок, Омардан атайын сюрприз болсо керек” деп ар ким өз алдынча түш жоруп отурушту.
Бир убакта көшөгөнү тытмалап жатып Омар чыгып, элден кечирим сурап, “азыр светти да өчүрөбүз деп жатышат, убактысы бүтүп калыптыр. Мен ырдайм, сиздер уга бериңиздер” деп ырын улантты. Залдан айрым депутаттар да көзгө урунган эле. Концертти уюштуруучулардын чый-пыйлары чыгып, филармониянын кызматкерлерине жалынып-жалбарганы, жетекчисине чалып телефонун ала албаганы бештен белгилүү эле болуп турду. Көзүн жумуп алып отурган адам да сезмек, көшөгөнүн артында кандай чыр болуп жатканын. Бирок немис калкындай тактыкты аталган мекеменин кызматкерлери дал ушул концерт маалында көрсөтүүнү чечишкен көрүнөт. Башында жандуу ырдап, анан да “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги алып толкунданып турган Омардын каштары бирикпеске арга жок калды. Албетте, музыканттары көшөгөнүн артында калып, өзү сахнанын бир метрге жетпеген жеринде туруп алып ырдаганы кимге жаксын, кайсы ырчыга ыңгайлуу болсун?! Артында бийлеген бийчи байкуштарга боор ооруй турган киши жок, көшөгөнүн ар кайсы бурчунан чыга калып бийлеп, мостоюп, колунан токочун жулдуруп жибергендей абалда турган Омарга дем беришти. Эрмек Нурбаев менен Нурзат Токтосунова алпаруучулуктун чылбырын алышкан экен, аягына чыгара алышпай же көшөгө артынан сүйлөй алышпай дым-дым болуп, натыйжада Омар өзү алпара баштады. “Конокторду да чакырдым эле, тилекке каршы, филармония көшөгөнү ачпайт экен, ошого карабай Арсен экөөбүз ырдайлы деп чечтик” деп экөө ыр аткарышты. “Болбой эле ырдай берсем, акыры сахнанын көшөгөсүн ачып калышар” деген үмүтү да өчтү окшойт, “Кыргызстаным” деген жаңы ыры менен концертти бүтүрдү. Баарыбыз чексиз сүйгөн мекенибиз тууралуу жагымдуу ырды ырдаганда мен кыргызмын дегендин баары тура калып колдодук.
Акырында сыртка чыгып бараткан элдин сөзү: “Концертти күндүз коюп, артынан “мамлекеттик бир кече болот, болгула” деп шаштырса да биз макул элек, түнкү саат тогуздан кийин аңгырап бош эле калат го зал же иштешеби?”, “Өзгөчөлүк кылайын десе керек, бирок жанагы Омар тууралуу слайд-шоунун кереги деле жок болчу”, “Эрмек менен Нурзат оюнду узартып туруп алышпадыбы, ошол оюн болбосо жетишмек”, “Филармония ашыкча убакыт короду деп айып пул төлөтүп алса деле макул болушса керек эле”... Мына ушундай нааразыланган күбүр-шыбыр кептер менен концерттин биринчи күнү аяктады.
Эң башкысы, Омар өз өнөрүн көрсөтө алды. “Во, бир укмуш болду, эл ырга ой-да термелди, жигиттин жандуу үнүнө оозубуз ачылды” деген сөздү айтсак, аша чаап кетебиз. Бирок аракети бар баланын, керек болсо анча-мынча ырчыларды артка таштап мыкты бийлей да алат, “Анделек” өңдүү элдик ырларды оркестрдин коштоосунда ырдай да алат, ошого ишенебиз, ошого күбөбүз.
"Толик Сынчы негизги сынын унутту” дешиңер ыктымал. Бирок мен “Каныкей кызыбыз 20 сантиметрлик такалуу бут кийимчен, япон көйнөгүн кийип чыкты, Омар отура, тура калып суу ичти” деп жазганды коё туруп, филармониянын кызматкерлеринин одоно жоругун айткым келди.

Толик Сынчы

Миргүл Эсеналиева,
Омардын менеджери:
– Концерттин аягына чыкпай, ортодо “срыв” болгонуна мен филармониянын жетекчилигин күнөөлөйм! Омарды сый­лашпаса да, жок дегенде залда отурган 1 500 адамды сыйлап коюшса болмок. Ошол учурда директоруна, башкасына чалсам да албай коюшту. Өчүрбөгүлө деп жалдырасам, “директор буйрук берди, ошонун айтканын кылабыз” дегенден башка сөз айта алышпады. Ал эми экинчи күнү директорго кирсем, “мен андай деп айткан эмесмин” деди. Кыскасы, бул көрө албастыкпы же бут тосуубу, түшүнбөдүм.
Филармониянын кызматкерлеринин кылган бул жоругуна абдан нааразыбыз!


Бир собол

КОНЦЕРТ КОЮУДА ЫҢГАЙСЫЗДЫК БОЛДУ БЕЛЕ?

Филармонияга барсак, катчы кыз: “Жетекчибиз ордунда жок. Мир Алымкулович бул суроого өзү жооп бербесе керек. Ал деле сиздерди тийиштүү кишилерге жиберет”,- деп өзү баамдаган адамга чалды эле, ал бизге жооп берүүдөн баш тартты. Катчы кыз: “Менин билишимче, Омарга өз убагынан ашыкча 20 мүнөт берилиптир. Ал убак бүткөндөн кийин деле концертти бүтүрүүгө шашылбагандарын байкап, көшөгөнү жаап салышыптыр”,- деген жооп менен бизди узатты. Биз концерт уюштуруунун түйшүгүн тартып калган жайлары бар шоу-бизнес өкүлдөрүнө суроо узаттык.

Канат Култаев,
продюсер:
– Мындай нааразычылыктар көбүнчө филармонияга тийиштүү. Алардын кечикпей баштаганы элге көп жакса керек. Ошого жараша биз да баарын өз убагында баштап, бүтүргөнгө үйрөнүшүбүз зарыл. Жеке мен концерт коёр алдында баарын алдын ала пландап алам. Эгер 5-10 мүнөт кечигип калчу болсок, анда жетекчилик менен абалды түшүндүрүп сүйлөшөбүз. Бирок сурабай өчүрүп салган учур боло элек. Элдин көңүлдөнүп карап отурганын көрүп, алар деле өчүрүп коюшпастыр.

Назира Асанкожоева,
“Миң кыял FM” радиосунун жетекчиси:
– Былтыр радионун атынан студенттердин майрамына концерт коёлу деп Спорт Ордосу менен сүйлөшкөн элек. Тилекке каршы, 7-апрель сот отуруму ошол имаратта өткөндүгүнө байланыштуу уюштуруучулар зыян тартканбыз. Бирок концерт декабарь айына жылдырылып, Спорт Ордосу бир күндүк ижара акысын алган эмес.

Мамасадык Багышов,
Каныкейдин продюсери:
– Ушул жылдын январь айында Каныкейдин концертин берели деп Улуттук филармонияга кайрылганбыз. Сүйлөшүүлөр болуп жаткан кезде эле филармониядан баш тартууга туура келди. Анткени “тигини, муну койсо болбойт, экран койсо болбойт, “рубильниктер” күйүп кетет” дей беришти. Улуттук филармония болгон соң мындай маселелер болбошу керек эле. Чоң эле концерттик зал болгондон кийин кантип эле “рубильниктер” жетишпейт. Ошондон кийин Спорт Ордосуна да, филармонияга да кайрыла элекпиз.

star@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЧАКЫРЫЛГАН ЖЕРГЕ УБАГЫНДА БАРАСЫЗБЫ?

Бактыбек Мамытов,
экономист:
– Мен өз убагында гана эмес, бир саат мурун барам. Бирөөнү күткөндү аябай жаман көргөндүктөн, мени да бирөөнүн зарыгып күтүшүн каалабайм. Чакырылган жерге атайын эле кеч баруу бул – адамдагы терс сапаттардын бири жана убакытка уттуруу.

Турсункан Бакиева,
үй кожойкеси:
– Негизи, Совет доорунда тарбияланган кишилер убакытка так болот деп ойлойм. Анткени ал убакта тактыкка талап абдан күчтүү болчу. Мен деле бирөө конокко чакырган учурда кечикпей барам. Кечиксең, күткөн адамга да ыңгайсыздык жаралат.

Мелисбек Балтабаев,
студент:
– Айткан убагынан 10-15 мүнөт кечигип барам. Мисалы, бирөө тойго чакырса, элден эрте барып алып карап отурганда эмне? Ошондой эле жеке жумуштар боюнча бирөөгө жолугуш керек болсо деле менде кечигүү сөзсүз болот. Балким, бул менин калыптанып калган терс адатымдыр.

Сезим Усубалиева,
дизайнер:
– Шартка жараша болот. Кээде убагында, кээде кечигип калам. Бирок айрымдардай болуп атайын күттүрүп, жарым саат кеч бармай адатым жок. Ар дайым мүмкүн болушунча жоопкерчиликтүү болуп, мени күтүп жаткан тараптын да абалын эске алам.

Аруун Турумбеков,
бургулоочу:
– Мен кечикпей барганга аракет кылам. Эгер өтө кечигип калсам, барбай коймой адатым бар. Чынында, чакырган жерге кечигип баруу биздин менталитетке биротоло сиңип калган. Улуу муун бир аз так, ал эми жаштардын пунктуалдуулукка болгон мамилеси өкүнөрлүк.

Назира Омуралиева,
студент:
– Убагында барууга аракеттенем. Кыргызчылык деп эле кеч баруу туура эмес. Бирок концерттерге кеч эле барган оң. Анткени баары бир өз убагында башталбайт. Ушундай нерселерден улам да адамдардын тактыкка болгон көз карашы өзгөрөт десе болот.

Зууракан Дакиева,
пенсионер:
– Мен андайда 15 мүнөт эрте барам. Чакырган жерге өз убагында барып калуу бул – ошол адамды урматтоо дегендик. Күткөн адам деле ошол айтылган убакытка даярданат да.

Автандил Добулбеков

 Кыстарылган видео 
Омардын жандуу концертинен репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
gulnaz-1708
2011-11-28 22:48:14
мунун баары Омарга бут тосуулар болсо керек деп ойлойм себеби Москва шаарына да барып концерт берет деп элдин акчасын алып алышып Омарды жаман аттуу кылышкан эле
0
Elika
2011-11-29 04:12:40
Азаматсын Омар жакшы болуптур концертин.Бирок ошол филармониянын жетекчилиги сага коралбастык эле кылган болушу керек.
0
engel
2011-11-29 15:57:41
Byiyl Omar baikushka but tosuular jakshy ele boldu okshoit,Moskvadan da uyat kylyp emi ozubuzdu kyrgyzbailar,chyn ele oshoncho eldi korup turup kaisy akmak koshogonu japty eken,jok degende eldi oyloshso bolmok,birok biz Omarga ishenebiz jakshy korobuz,dagy dagy janduu un m-n konzert koio ber alarga nazlo!!!Udachi tebe!
0
songtanaiza
2011-11-29 16:35:45
Омардын кошогону тытмалап чыгып келгени жакшы экен,ой Толик Сынчы олтуросун тим эле.Филaрмония туура кылат берилген саатка даярдап концерт коюш керек тем более 20минута бонус берилиптир,башка ырчыларга сабак болор
0
LIVER
2011-11-29 17:54:04
Филармония 20 минут кутуп турса,эч жери кемип кетпейт, тушунуп иш кылыш керек да, парниша столько готовился, эмгегин баалашса болмок,
вобщем соз жок аман болушсун, кыргызбыз да....
0
Tilekmatova
2011-11-29 22:24:29
Омар байке только вперёд!!!!!!!!)))
0
ulutchul
2011-11-30 13:17:04
Бир чыкса,дуйнолук дээнгелге ушул Омар чыгат.Жаны Кыргызстаным деген ырын уккум келип жатат.
0
Kubanychbekkagan
2011-12-02 08:54:51
Уну болсо колдойт элем бирок дуйнолук аренага кыргызды алып чыга албайт ошондуктан мындай лампочкалардын электр тогун ушинтип кесип койсо жакшы.
0
senchi
2011-12-03 00:26:21
Kubanychbekkagan, кыргызды алынын жетишинче алып чыгып жатат !!! Омардай кайсы ырчы чыкты Алла сыйлаган??? аа сиздин унунуз ото эле жакшы болсо чыгыныз сындан отунуз !!! дуйнолук аренага кыргызды эмес озунузду чыгарып корунузчу алгач!!!
0
LoLoPePe
2011-12-02 09:22:24
kakylyp shul balanyn yrdaganyn suiom da ozun dele suiom =)
0
meriya
2011-12-02 17:06:31
Bul dagy ele koro albastyk.Kyrgyzdardyn konumush adaty.Ushul adatty kachan koiobuz.
0
orbitka
2011-12-02 18:51:41
Oshol jetekchisi jok degende eldi syilap koiso bolmok da,kichine ozunun madaniatuulugun korsotup.Omarchik alga!!!
0
ai_peri
2011-12-03 10:33:24
Омар! Сен таланттуу баласын! Аны эл билет, эл баалайт сени! Жакшыга коп нерсе жабышат, канчалык бут тоссо ошончолук чыйрал! Кабагын бурколбосун! Только вперед!!!!
0
mahamad
2011-12-03 20:50:11
иии байкуш Омар москвага барып да атылып келдин эле,бишкекте да мындай,аа бугун Ошко да концерт бергени жеке кафеге келген экенсин,Ошто да атылыпсын го,элде акчаа жоок,ырчылар тыным алгылачы,кайра кайра келе бербей.
0
zinaniz
2011-12-04 16:39:39
Кыргыздарда жаш таланттарга бут тосмой салтка айланган,так обидно,бедный старался,фонограммасы жок ырдаган ырчылар ото аз го кыргызстанда.Но главное мы знаем это не твоя вина Омар.....Вперед только вперед
0
elizz
2012-01-14 20:32:45
Омар-самый лучший!!!!!!!!!!!!!!
0
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан