Бир да белгилүү датаны көңүл сыртында калтырбай майрам ээлерин куттуктоо – “Супер-Инфо” гезитинин жана www.super.kg сайтынын салты. Бул жолу 17-ноябрь – Студенттер күнүндө ырчылар Гүлнур Асанова, Аваз Акимов, Акбар Сүйүнбаев, Айнура Салахидинова, Эрлан Андашев, Бек Исраилов жана “тамашоучулар” Азамат Исмаилов, Кубат Кубанычбеков жана ди-джей Улук Боолбеков менен бирге Бишкек шаарындагы бир катар окуу жайларды ыр-күлкүгө бөлөп, майрамдык маанай тартууладык.
Алгач сапарыбызды Кыргыз улуттук университетинен баштадык. “Тамашоучу” жигиттер Куба менен Азамат залды күлкүгө бөлөшсө, Акбар Сүйүнбаев менен Аваз Акимов көкүрөк кере обон созуп, “куржундагы” ырларынан аткарып салышты.
Андан ары Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин жаштарына майрамдык маанай тартууладык. Ал жерден Гүлнур Асанова, Айнура Салахидинова комузу менен созолоно ырдашса, бир катар сынактардын жеңүүчүсү, жаш ырчы Бек Исраилов да өз талантын тартуулады.
Көркөм сүрөт академиясы да биздин бул жагымдуу акциябызга туш болду. Салтанаттын жүрүшүндө “Супер-Инфого” байланыштуу түрдүү суроолор берилип, туура жооп бергени белектерге ээ болушту.
Акция Бишкек гуманитардык университети менен аяктады. Жылуу маанайда тосуп алган студенттер ырчылар чыкканда кошо ырдап, күлкү кезеги келгенде алакандарын аяшкан жок. Бул жерден Эрлан Андашев “сагындырба” деп залды жарды.
Ошентип, жылына бир келген студенттер майрамында жаштарга жагымдуу маанай тартуулап, билим, сүйүү, талыкпас эмгек каалап кайттык!
Автандил Добулбеков
star@super.kg