ОТУН-КӨМҮРҮҢ БАРБЫ, БУРАДАР?

Бишкектеги жылуулук борбору тууралуу...

Кепти түтүнүн булаткан жылуулук энергия борборунан баштайлы. Баш калаадагы жылуулук борборун куруу иштери 1958-жылы башталган. 1961-жылы кубаттуулугу 25 мегаватт (МВт) болгон алгачкы агрегат ишке берилген. Ошондон бери жылуулук борборунун иштөө кубаттуулугу улам артып келет. Борбор башкы корпустан, көмүрдү өлчөп берүүчү бөлүмдөн, мазут чарбасы, щит блоктор туруучу, көмүр сактоочу кампалардан, сууну химиялап тазалоочу жана күл чыгарылуучу жайлардан турат. Айта кетчү нерсе, курулгандан бери бир да жолу капиталдык оңдоо иштери болбогондуктан, жылуулук борборунун тетиктеринин 80 пайызынын эскилиги жетип калган. Шаардын калкын жылуулук жана жылуу суу менен камсыз кылуучу бул борбор 666 миң киловатт кубаттуулук менен иштеп жаткан учуру. Жылуулук борборунда 24 от жагуучу меш орнотулган. Бирок, учурда алардын тогузу гана иштейт. Калгандары бузулгандарынын ордуна иштетилет. Ызгаар күндөрү бир суткада 6 миллион 281 киловатт жылуулук энергиясы иштетилип чыгат. Бул үчүн 4 447 миң тонна көмүр сарпталып, түтүктөгү суулар 65-70 градуска чейин ысытылат. Көмүр демекчи, мурун «Караганда» көмүрү жагылчу. Бирок, кийинки учурларда бул сорттун нымдуулугу көп болуп, сатылып алынбай калган. Учурда Казакстандан алынып келинген «Экибастуз» жана «Майкубен» көмүрлөрү жагылып жатат. Негизинен, жылуулук борборун «бардык мекемелердин ичинен кирешесинен чыгашасы көп мекеме» дешет экен бул жердин кызматкерлери. Себеби, жылына 1 миллиард сом чыгаша болот.

Шаар түтүндүн зыянынан корголгонбу?

Оргуштап чыккан кара-көк түтүндү карап туруп, «бул түтүндүн бир миллиондон ашык шаардыктардын ден соолугуна зыяны тийип жаткан жокпу?» деген ой тынчсыздандырбай койбойт. Чынында, жылуулук берүүчү борбор шаардын ортосунан орун алып калган. Албетте, бул маселеге учурда так, кесе бирөөнү айыптай албайбыз. Болгону, мекеменин генералдык планы иштелип жатканда учурдагыдай болуп шаардын кеңейип өсүп кете тургандыгы эске алынбай калган. Акыркы он беш жылдын ичинде 50дөй жаңы конуштун пайда болгону буга мисал. Бир гана бизди жоошута турган нерсе, бийиктиктери 120, 180, 300 метрлик түтүн чыгуучу түтүктөрдүн ар бирине “золоудаление” деп аталуучу фильтр орнотулган. Бул фильтр сегиз катмарлуу чыпкадан турат. Ал жерде түтүндөгү адамдын ден соолугуна зыяндуу заттар кармалып калат. Ошентсе да, Аламүдүн-1, Чыгыш-5, Төкөлдөш кичирайондорунун тургундарынын: “Кирди жайганда үстүнө сөзсүз түрдө целлофан жабабыз. Антпесе, үстү көө болуп, жууган-жуубаганыңдын айырмасы жок”,- деген нааразычылыктарын угуп калабыз. Ошондон улам же фильтрлердин эскилиги жетип калган, же алар жетишерлик тазалай албайт деген ой келет. Союздун дүркүрөп өсүп турган кезинде салынган жылуулук борборун шаардын четине көчүрүүгө азырынча мамлекеттик бюджеттин алы жетпеси анык. Бирок, өзүбүздү зыяндуу түтүндөн коргоонун бир жолу бар – шаарды болушунча жашылдандыруу.

Жер үйдө жашагандар кантти экен?

«Жылуулук борборунун кызматын колдонбогон шаар четиндеги конуштардын тургундары кышта кантип жатышат болду экен?»- деген суроо жаралат.
Жылдын маселесине айланган электр энергиясынын чектелип жатканынан улам конуштардын тургундары үчүн жылуулук көйгөйү күч алды.
«Какаганга муштаган» дегендей, көмүрдүн, жыгач отундун да баасы асманга чыкты. Учурда бир тонна көмүрдүн баасы 3500 сомго чейин жетти. Баасы аз келгенсип, көмүрдүн кээ бир түрлөрү быкшып түтөп, жакшы күйбөй жатканын айтышып арыздангандардын саны мындан көп. Ал эми бир тонна көмүргө да алы жетпегендер кечкисин шаардын бак-дарактарына «ууга» чыгып жатышканын кечээ эле көргөн бактын бүгүн кыйылып калганынан байкап жатабыз. Кээ бирлери базарлардан кагаз коробкаларды чогултуп алышып, үй жылыткан учурлары да кездешүүдө.

Базар баалары

Көмүрдүн түрү

Баасы

Мүшөгү

Тоннасы

“Кара-Кече”

230 сом

3500 сом

“Шабыркүл”

220 сом

3200 сом

“Экибастуз” (Казакстан)

200 сом

2000 сом

“Майкубен” (Казакстан)

150-200

1800-2000 сом

Отундун түрлөрү

Баасы

Мүшөгү

Бир машинасы

Карагай отуну

160 сом

8 миң сом

Кара жыгач отуну

150сом

8 миң сом

Тактай кесиндилери

150 сом

7 миң сом

Көң

110-120 сом

5000-6000 сом

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 322, 2-8-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан