КЫРГЫЗ СПОРТУ 2008–ЖЫЛДА...

ИЙГИЛИКТҮҮ 4-АРАКЕТ

Алгачкы жолу көз карандысыз Кыргызстандын спортчулары 1996-жылы Атлантада өткөн олимпиадалык оюндарга катышкандыгы белгилүү. Өлкөбүздөн “Сидней-2000ге” 50 жана “Афины-2004кө” 30 спортчу барган. Буга чейин 4 жылдыктын башкы мелдештеринде кыргыз туусу 1 гана жолу желбиреген. Сиднейде казакстандык Айдын Смагулов дзюдо боюнча коло медаль уткан эле. Андыктан, быйыл 20 спортчудан турган чакан улуттук олимпиадалык курама командабыз болуп көрбөгөндөй жеңишке жетишти (спортчулардын катышы жагынан алып караганда ар бир 10-спортчу медаль тагынды). Тактап айтканда, баатырларыбыз Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев элибизге көптөн күтүлгөн олимпиадалык медалдарды тартуулашты. Ошондой эле, легионерлер да кыргыздын туусунун астында күрөшүшүп, бирок, чечүүчү учурларда аларга патриоттук сезим жетишпей калгансыды. Эмне демекчибиз, Канатбек менен Русланга даңк!

КРнын ОЛИМПИАДАЛЫК КУРАМА КОМАНДАСЫ:

Абдураим Расул (таэквондо ВТФ)
Архипова Юлия (марафон)
Базаргуруев Базар (эркин күрөш)
Бегалиев Канатбек (грек-рим күрөшү)
Васильев Виталий (сууда сүзүү)
Гитинов Арсен (эркин күрөш)
Данилов Василий (сууда сүзүү)
Ефименко Татьяна (бийиктикке секирүү)
Жанагулов Талант (дзюдо, команданын капитаны)
Захаров Юрий (сууда сүзүү)
Исмаилов Руслан (мылтыктан ок атуу)
Кочурин Сергей (фехтование)
Крупняков Алексей (эркин күрөш)
Молдодосов Улан (оор атлетика)
Пакура Сергей (чуркоо)
Педан Галина (чуркоо)
Погорелов Алексей (чуркоо)
Проскуракова Елена (дзюдо)
Таласбаев Асылбек (бокс)
Түмөнбаев Руслан (грек-рим күрөшү)

ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ

Бул жылы баарынан да эң көп ийгиликтерге ата мекендик грек-рим стилиндеги балбандарыбыз жетишишти. Алсак, Кореяда өткөн Азия чемпиондугунда жылдын башкы каармандары Канатбек Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев алтын медаль тагынышса, ишенген балбандарыбыздын бири Данияр Көбөнов 2-орунду ээлеп, “Бээжин-2008ге” жолдомо ала албай калды. Аталгандардын орун басарлары Калыбек Жолчубеков менен Арсен Эралиев жаштар арасында Түркияда өткөн Азия чемпиондугунда алтын жана күмүш медаль тагынышты.

ФУТБОЛ

Өлкөбүздүн биринчилигинде чемпиондук үчүн адаттагыдай эле “Дордой-Динамо” менен “Абдыш-Ата” өз ара күч сынашып, чемпиондуктун тагдыры “алтын” беттеште чечилсе да, “дордойчулар” жаңы рекорд орнотушуп, 5-жолу катары менен чемпион аталышты. Ал эми канттык команда жаңы сезондо башкы атаандашына татыктуу каршылык көрсөтүүнү көздөп, нидерландылык машыктыруучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

КРнын ФФсынын спорт адистери жана журналисттердин арасында өткөргөн сурамжылоосунун негизинде «дордойчу» Руслан Сыдыков 3-жолу “Жылдын мыкты футболчусу” аталды.

ООР АТЛЕТИКА

Японияда өткөн Азия чемпиондугунда Улан Молдодосов (85 килограмм) менен Алексей Дудин (105 килограмм) 3-орунду камсыз кылышты. Улан Молдодосов бул мелдеште “Бээжин-2008ге” жолдомо алып, өзүнүн карьерасындагы 2-Олимпиадасына ийгиликтүү катышып келди. Жаштар арасында Кореяда өткөн Азия кубогунда Бекзат Осмоналиев (59 килограмм) күмүш, Султан Молдодосов (62 килограмм) коло медаль тагынышты. Жыл соңунда Камбар Токтоналиев (62 килограмм) Казакстандын ачык чемпиондугунда күмүш медаль тагынды.

БОКС

Профессионалдык бокстогу жалгыз мушкерибиз Алмазбек Раимкуловдун мухиттин ары жагында кыргыздын намысын ийгиликтүү коргоп келаткандыгы баарыбызга белгилүү. Бокс сүйүүчүлөр арасында быйыл эл аралык аренада бир гана Асылбек Таласбаев өлкөбүздүн намысын коргоду. Спорт сүйүүчүлөрүнө анын Казакстандын президентинин кубогунда 2-орунду ээлеп, “Бээжин-2008де” жарым чейрек финалга чейин жеткендиги белгилүү. Негизи эле учурда спорт сүйүүчүлөр арасындагы боксто муун алмашуу жүрүп жатат жана келечекте жаш мушкерлерден үмүт чоң.

КИКБОКС ЖАНА ТАЙ БОКС

Кумар Жалиев (71 килограмм) Ален Офойо (76 килограмм) жана Алексей Федосеев (63 килограмм) Москванын “Арбат” мушкерлер клубунда кикбокстун WBKF версиясы боюнча Европанын чемпиондугун жеңип алышты.

Таиландда өткөн Дүйнө биринчилигинде Валентина Шевченко 1инчи орунду ээлесе, анын биртууганы Антонина 2-орунга ээ болду. 8-жолу Дүйнө чемпиондугун жеңип алган Валентина Эл аралык тай бокс федерациясынын чечими менен “2008-жылдын мыкты тай боксчу айымы” наамына ээ болду. Ал эми профессионалдык бокс менен алектенмекчи.

ХОККЕЙ

Быйыл бул жаатта башкы жаңылык өлкөбүздө алгачкы муз тебүү аянтчасынын ачылышы болду. Ошондой эле, КРнын Муз үстүндө бийлөө (фигурное катание) федерациясы түзүлүп, муз үстүндө бийлөө боюнча мектептер ачылган жатат. Алгачкы жолу ата мекендик хоккейибиздин өкүлдөрү Москвада орусиялык “1-каналдын” кубогуна көзөмөлдөөчү катары катышып келишти.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Японияда өткөн клубдар арасындагы Дүйнө биринчилигинин финалдык “Манчестер Юнайтед – ЛДУ” беттешинде кыргызстандык Бахадыр Кочкаров калыстык (лайнсмендин милдетин аткарган) кылды. Натыйжада, ал КРнын ФФсынын “Жылдын мыкты калысы” сыйлыгына (быйыл бекитилди) ээ болду.

Вале тудо (бразилиялык) боюнча «Ормон хандын кубогунун» туңгуч жеңүүчүлөрү Сарыков Төлөгөн (60 килограмм) менен Асылгазиев Турсунбек (74 килограмм) уруш түрүндөгү самбо боюнча Москвада өткөн XIV Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынып кайтышты.

Чоң теннисте бир нече эл аралык турнирлерге ийгиликтүү катышып, упай чогулткан Ксения Палкина дүйнөнүн мыкты 200 теннисчилеринин катарына кошулду. Муну менен эми ал чоң шлем түркүмүнө кирүүчү Australian-Open`ге катышуу укугуна ээ болду.

Панкратион боюнча бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Замир Сыргабаев (100 килограмм) Евразиянын чемпиондугун жеңип алды. Ошондой эле, ал Санкт-Петербургда өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпиондугуна ийгиликтүү катышып келди.

КАДР АЛМАШУУЛАР

Кыргыз спортундагы быйылкы чоң жетишкендиктерге жаңы ысымдардын келгендиги да таасирин тийгизбей койгон жок.

Алсак, Александр Воинов Бектур Асановдун ордуна Дене тарбия жана спорт, жаштар иши жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин директору болуп дайындалды.

Футбол. КРнын ФФсынын президенттигине Айбек Алымбаев, курама команданын башкы машыктыруучулугуна Анарбек Ормонбеков дайындалды.

Бокс. КРнын Бокс федерациясынын президенттигине Абдибакыт Халмурзаев, курама команданын башкы машыктыруучулугуна Адылкан Бекболотов дайындалды.

Бильярд. КРнын Бильярд спорту федерациясынын президенттигине Курманбек Темирбаев, курама команданын башкы машыктыруучулугуна Күмүшбек Дүйшөбаев дайындалды.

ЖЫЛДЫН...

Жоготуусу

24-августта Бишкек-Тегеран каттамы боюнча багыт алган Боинг-737 учагынын кыйроого учурашы жалпы эл аралык трагедия болду. Анда каза болгон 65 адамдын ичинде мелдешке катышуу үчүн бараткан баскетбол боюнча өлкөбүздүн жаштар курама командасынын өкүлдөрү да бар эле. Каза болгондордун арасында оюнчулардан Ибраимов Бельгиз, Макарчук Иван, Исханов Ринат, Мамад Абдурахман, Кожомкулов Эмил жана КРнын Баскетбол федерациясынын генералдык катчысы Олег Кутилов менен вице-президенти Назар Кубатов бар.

Мелдеши

Бишкекте АФКнын президентинин кубогунун жарым жана финалдык беттештери өткөрүлдү. Өкүнүчтүүсү, аталган мелдеште буга чейин катары менен 2 жолу жеңүүчү аталган “дордойчулардын” бул ирет жолу болбой, өз үйүндө жеңишти тарттырып жибергендиги болду.

Иренжүүсү

5-9-май күндөрү Бишкекте
­А­Ф­К­­нын­­ рейтингинде деңгээли жагынан 2-орунда турган Чакырык кубогунун тандап алуу оюндары өткөрүлдү. Тилекке каршы, өлкөбүздүн улуттук курама командасы күйөрмандардын ишеничин актай албай, өз үйүндө жеңил группадан (ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 134үнчү, Бангладеш 180инчи, Лаос 187инчи жана Афганистан 196-орунда болчу) чыга алган жок. Баарынан да өкүндүргөнү, кезинде футбол көп жылдар бою тыюу салынган Афганистанга 0:1 эсебинде утулуп калгандыгы болду. Учурда Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 207 өлкөнүн ичинен 158-орунга (ноябрь айынын жыңынтыгында) түшүп кеткен .

Даярдаган Базарбек Абдураимов
e-mail:sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 322, 2-8-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан