2008-ЖЫЛ ҮЧҮН КИНО ЖЫЙЫНТЫК

Фильмдер

2008-жылдын январынан тартып декабрга чейин экрандарга жанры, мазмуну жагынан ар түрдүү болгон жүздөгөн жаңы тасмалар чыкты. Алардын эң мыктылары жана кызыктуулары жөнүндө ММКлар тынбай жазып келишти. “Синематика” тармагынын жардамы менен кыргыз көрүүчүсү да мезгилден артта калбай жаңы фильмдерди убактысында көрүп баалай алды. Эмесе, 2008-жылда жаралган эң популярдуу тасмаларды эсиңизге салабыз.

Боевик жанрындагы тасмалар:

“Чабарман-3”, Оливье Мегатон
“Боло бер боорукерлик”, Марк Форстер
“Илмекте”, Жон Жойд Карузо
“Ажалдуу жарыш”, Пол Андерсон
“Кооптуу Бангкок”, Оксид Пенг Чун

Фантастика жанрында тартылгандар:

“Мен – легенда“, Френсис Лоуренс
“Хэнкок”, Питер Берг
“Укмуштуу Халк”, Луи Летерье
“Хэллбой-2: Алтын армия”, Гильермо Дель Торо
“Мумия-3: Ажыдаарлар императорунун табыты”, Роб Коэн
“Жашыруун материалдар: Ишенгим келет”, Крис Картер

Комедиялар:

“Чоң шаардагы секс”, Майкл Патрик Кинг
“Мамма Мия!”, Филлида Ллойд

Драмалар:

“Б.з.ч. 10 000 жыл мурун”, Ролланд Эммерих
“Жер токтогон күндө”, Скот Дерриксон
“Адмирал”, Андрей Кравчук
“Таш баш”, Филипп Янковский

Триллер жанрындагылар:

“Кара өзгөй баатыр”, Кристофер Нолан
“Көрүнүш”, Найт Шьямалан
“Араа-5”, Дэфид Хэкл

Мультфильмдер

Өткөн жыл чоңдорго да, бөбөк­төргө да эң сонун маанай тартуулаган анимациялык фильмдерди тартуулап кетти. Алардын мыктылары жана көпкө чейин эсте кала тургандары катары буларды айтсак болот:
“Валл-и”, Эндрю Стэнтон
“Мадагаскар-2”, Эрик Дарнелл
“Кунг-фу панда”, Марк Осборн
“Вольт”, Байрон Ховард
“Мергенчилик мезгили-2”, Тодд Вилдерман

Эң көп эмгектенген актЁрлор

Голливудда биринин артынан бир келишимге кол коюп, тынбай улам жаңы тасмага тартылган актёрлорду “тыйын чычкан” деп тамашалап айтып коюшат. Мына ошондой тыйын чычкандардан быйыл үчөө болду десем жаңылышпайм. Алар “Хэнкок”, “Мен – легенда”, “Жети өмүр” фильмдеринде башкы ролдорду жараткан “Шрек-4” мультфильминде Эшектин үнүн коштогон Уилл Смит; “Лунатизм”, “Хэнкок”, “Сиелдеги уруш”, “Өрттөнгөн өрөөн”, “Жол” тасмаларына тартылып үлгүргөн Шарлиз Терон; “Кыздын жүрөгү”, “Өзгөчө кооптуу”, “Алмашуу” фильмдеринде тартылып, “Кунг-фу пандадагы” Жолборсту сүйлөткөн Анжелина Жоли.

Жарк эткен жылдыз

Буга чейин бир нече тасмага тартылса да, Украинада төрөлгөн Голливуд актрисасы Ольга Куриленкону эмнегедир эч ким байкабай жүргөн. Качан экрандарга 007 агенти Жеймс Бонд тууралуу “Боло бер боорукерлик” тасмасы чыкканда Куриленко бардык жалтырак журналдардын биринчи бетине чыга баштады. Эми 30 жаштагы актрисаны бир нече кинокомпания талашууда.

Орус фильмдери

“И” дегенде эле эске орусиялык режиссёр Тимур Бекмамбетовдун “Өзгөчө кооптуу” блокбастери түшөт. Ошондой эле дээрлик бир жылдан бери Улуттук биринчи каналдан көрсөтүлүп келаткан “Монте Кристо” сериалы жөнүндө айтпай кетсем болбос. Ошондой эле “Камеди Клабдын” жигиттери Павел Воля, Миша Галустян жана Крик Бульдог Харламовдор тарткан “Эң жакшы фильм” комедиясы өзгөчө жаштардын эсинде калса керек. Атактуу боксчу Валуев катышкан “Таш баш” тасмасы жана Константин Хабенский тартылган “Адмирал” дагы 2008-жылдын кинохиттери болду.

Кыргыз кинематография­сынын жеңиштери

Албетте, кыргыз киносу дагы бул жылы бир топ жетишкендиктерге жетишти. Башкы ролдорду атактуу ырчылар аткарган бир эмес, бир нече тасма тартылды. Кыргыз эстрадасындагы дээрлик бардык ырчыларды “Достор” (режиссёрлору – Р.Жабиров жана Н.Меңдибаиров) тасмасынан көрө алабыз. Эң биринчи кыргызча триллер “Кандуу сүйүү” (режиссёру – Ж.Кулманбетов) дагы башкы каармандын ролуна белгилүү ырчы, ди-джейди тандаган. Жылдын эң мыкты тасмалары деп албетте “Белгисиз маршрутту” (режиссёру – Т.Бирназаров) айтпаса болбойт. Ал эл аралык конкурстарда татыктуу сыйлыктарга ээ болуп келди. Фестиваль үчүн тартылган мындай тасмалардын катарында келечеги кең режиссёр А.Бекболотовдун “Кам санабаңыз” фильми да бар.

2008-жылы чыккан ата мекендик тасмалар

“Достор”, Рысбек Жабиров,
Назым Меңдибаиров
“Кандуу сүйүү”, Жаныш Кулманбетов
“Белгисиз маршрут”, Темир Бирназаров
“Жооптуу кадам”, Тилек Нуркулов
“Ашык болгон ууру”, Эрнест Абдыжапаров
“Кам санабаңыз”, Акжол Бекболотов “Песнь южных морей”, Марат Сарулу
“13 жашар баланын арманы”, Ырыс Окенова
“Кылмыш”, Келсинбек Атабеков

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 322, 2-8-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан