АСКА

  • Фильм мыкты үн үчүн “Оскарга”, мыкты триллер жана мыкты музыка үчүн эки “Сатурн” сыйлыгына, мыкты фильм үчүн Германиянын «Golden Screen» сыйлыгына жана башка бир топ сыйлыктарга татыган.
  • Фильмди тартууга 75 миллион доллар керектелсе, фильм дүйнөгө прокатка чыккандан кийин 326 миллион доллар киреше алып келген.

Фильмдин кыскача мазмуну
Мухиттеги адам буту оңой менен жетпес аралда “Алькатрас” (эл ичинде “Аска”) аттуу белгилүү түрмө жайгашкан. Өкмөт жетекчилерине ошол түрмөнү генерал Хамел баштаган аскер адамдары басып алгандыгы тууралуу кабар түшөт. Хамел өкмөттөн Вьетнам согушунда курман болгондордун ар биринин үйбүлөсүнө миллион доллардан, анан өзүнө да чоң сумма төлөп берүү­лөрүн талап кылат. Эгер өкмөткө койгон талабы ишке ашпаса Сан-Франциско шаарын жер жү­зүнөн жексен кыла тургандыгын айтып коркутат. Өкмөт аталган шаардын миңдеген тургундарын сактап калуу үчүн 24 гана саат убактысы болот. ФБРдин кызматкери жана химиялык курал жаатындагы адис Стенли Гудспид (Николас Кейж) жана атайын отряд буйрукту кү­түп калышат. Бирок, түр­мөгө кирүү жолун бир гана Британия чалгынынын жашыруун агенти Жон Патрик Мэйсон (Шон Коннери) биле тургандыгы аныкталат. Жон Патрик бир ирет чычкан качып чыга албас бул түрмөдөн качып чыккан болот. Ошентип, өкмөт түрмөдө отурган Мэйсон менен сүйлөшүп, ал менен келишим түзүп “Алькатрас операциясына” катыштыруу үчүн ага Стенлини жөнөтү­шөт. Жон Патрик операцияга Стенли жетекчилик кылып кошо бара тургандыгын билгенден кийин аны башкара алууга боло тургандыгын аңдайт да, макул болот. Макул болгонунун экинчи сыры анын кызы коркунуч туулуп турган Сан-Францискодо жашай турган. Кызынын тагдырына болсо ата катары кайдыгер карай алмак эмес. Ошентип, түр­мө­дө отурган Патрик менен ФБРдин адамдары “Алькатраска” жөнөшөт. Канчалаган кый­ынчылык­тарга карабай акыры террористтердин арам оюн таш каптырып, Сан-Фран­цисконун элин өлүм чеңгелинен аман алып калышат.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Тасма Сан-Франциско булуңундагы аралда жайгашкан “Алькатрас” түрмө­сүндө тартылган. Фильмди тартууга керектелген жабдыктар суу унаалары менен алпарылып, “Алькараска” 125 тонналык кран аркылуу көтөрүлүп чыгарылган. Тасмага тиешеси барларга тамак-аш менен суу “чоң жерден” ташылып жеткизилип турулган.
  • Түрмө учурда туристтик жай экендигине байланыштуу тасма учурунда да туристтердин келиши токтотулбаган. Бул тасманы тартууга бир топ деңгээлде жолтоо болгон.
  • Кино тартуу убагында күн тийип туруп эле бир кезде тумандын каптап кетүүсү режиссёрлорду жарыкты ая­бай көп колдонууга мажбур кылган. Тумандын каптоосу күнүнө 4 жолудан кем эмес кайталанган.
  • Фильмдин бир эпизодунда Шон Коннери менен Николаска суу астында 30 секунд дем албай тартылуусу керектелет. Не дегенде бул учурда алардын башынын үстүнөн оттуу шар учуп өтүшү керек эле. Эгер экөө эртерээк башын чыгарышса күйүп кетишмек. Бул идея Шон менен Николаска алгач жакпай, каршы болуп жатышып, акыры макул болушкан.
  • Тасма учурунда продюсер Дон Симпсон кайтыш болуп кеткендигине байланыштуу фильм ага арналган.
  • Фильмдеги массовкага деңиз жөө аскерлери тартылган.
  • Режиссёрдун урматына “Алькатрастагы” мешке “Бейдин куйма заводунда жасалган” деп жазылып коюлган.

ФИЛЬМДЕГИ БАЙКАЛБАГАН КАТАЛАР

  • Фильмде Гудспид жүрөгүнө өзү ийне саймак болот. Бирок, аны аткарган актёр жүрөгүнө эмес эле бооруна ийне сайып тартылып калган.
  • Террористтер “Аскадан” жай алгыча күндүн 3 жолу чыкканы көрсөтүлөт.
  • Белгиленген жерден алгач 5 самолёт учуп чыккан болот да, конгонго келгенде 4 эле самолёт конот.
  • ФБРдин имаратында Гудспид “саат бир” деп айтат. Бирок, ошол эле кезде дубалдагы саат 4:15ти көрсөтүп турган болот.
  • Николас аткарган каармандын машинасынын айнеги 2 жолу талкаланса да, травмай менен кагышаар алдында айнеги бүтүн болуп көрсөтүлөт.
  • Бир эпизоддо бычак түз учуп баратканы көрсөтүлүп, анан эле актёр аны капталына түз сайылган жеринен сууруп алып жаткан болот. Бычак өз алдынча кайрылып, капталга түз сайылышы мүмкүн эмес.

ФИЛЬМДИ ЖАРАТУУЧУЛАР
Майкл Бенжамин Бэй. Режиссёр учурда 41 жашта. Киного реклама тартып жүрүп келген. Ал гигант компаниялар болгон «Coca-Cola» жана «Nike» жана башкалардын рекламалык роликтерин тартып, бир канча ири сыйлыктарга көр­­сө­түлгөн. Киного келгендеги алгачкы “Жаман балдар” фильми жакшы чыкпай калгандыгына карабастан кирешелүү болгон. Майклдын кийинки тарткан фильмдеринин эң мыктыларынын катарына “Аска”, «Армагедон», «Пёрл-Харбор» кирет. Бул фильмдер ээсине миллиард доллар киреше тартуулаган.
Майкл бир нече жыл мурун «Platinum Dunes» аттуу продюсерлик компания ачкан. Учурда анда кинолор тартылууда.
Шон коннери. 1996-жылы “Аска” фильмине чейин актёр 60тан ашык фильмге тартылып, “Оскар” сый­лыгынын ээси эле. “Аскага” тартылууда Шон күнүгө аралдан материкке барып келүүдөн эр­иккендиктен фильм жаратуучулар ага “Алькатрас” түр­мө­сүнөн убактылуу жашаганга жай жасап беришкен.
Эпизоддордун биринде Шон Николаска “Мүмкүн мен сексуалдык көрүнүшүмдү жоготуп бараткандырмын” деп кайрылат. Бул Шондун улгайып калгандыгына карабастан дале секс-символ катары санала тургандыгын Николаска кыйытып айтканы эле.
Түпкүлүгү шотландиялык Шон Коннери быйыл 75 жашта. Учурда мемуар жазуу менен алек.
Николас Кейж. Актёр “Аска” фильмине тартылууга жаңы эле “Оскар” сыйлыгын алган кезде келген. Анткени, “Лас-Вегасты таштап ке­түү” фильминдеги образы үчүн “Оскарга” татыктуу бол­­гон эле. Антсе да “Аскада” роль аткаруу Кейжге кичинесинде кумир туткан адамы Шон Коннери менен кошо тартылууга алып келген. Кейж Шондон актёрлуктун сырлары, иштөө ыкмалары тууралуу сурап, көп нерсени билүүгө жетишкен. Николас өзү аткара турган Гудспиддин ролу сценарийде жаман жазылып калган деп таап, көп жерлерине өзү өзгөртүү киргиздирген. Мисалы, Гудспид химиядан тажрыйба жасап, бир жолкусунда пробиркадагы суюктук жарылып ошондон мышыгы өлүп, өзүнүн каштары күйгөн жери жана башкалар. Учурда актёр 42 жашта.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 194, 21-27-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан