ЧОҢ ОЛИМПИАДАЛЫК ЖАРЫШТАР

Үрөйдү учурган коркунучтуу жарыштары көрүп отурган адамды да, катышып жаткан адамды да толкундануу менен коркунучка бөлөгөн “Чоң олимпиадалык жарыштар” (“Большие олимпийские гонки”) телешоу программасы азыр дүйнөгө кеңири тараган. Ал башында Европада башталып, кийин Америка, Азиядагы 30дан ашык өлкөгө жайылган оюн.

  • Орусиянын Биринчи каналындагы бул оюндун алпаруучусу – шоумен Дмитрий Нагиев.
  • Учурда 8 өлкө: Орусия, Англия, Беларусь, Кытай, Чехия, Украина, Франция жана Армения катышат.
  • Бир сезондо 4 команда ат салышат. 8-сезондо гана 8 команда ойноду.
  • Буга чейин 6 жолу Орусия, 2 жолу Кытай жеңген.

КИМДЕР ОЙНОГОН?
1-2-сезон: Орусия, Украина, Кытай, Франция
3-сезон: Орусия, Украина, Италия, Румыния
4-5-сезон: Орусия, АКШ, Кытай, Казакстан
6-сезон: Орусия, АКШ, Кытай, Беларусь
7-сезон: Орусия, Франция, Кытай, Беларусь
8-сезон: Орусия, Англия, Беларусь, Кытай, Чехия, Украина, Франция жана Армения

ШАРЛЬ ДЕ ГОЛЛЬ ОЙЛОП ТАПКАН
“Чоң олимпиадалык жарыштар” (2011-жылга чейин “Чоң жарыштар” деп аталчу) телеберүүсү бул – спорттук-көңүл ачуучу шоу. Ал 1962-жылы ошол мезгилдеги Франциянын президенти Шарль де Голль тарабынан ойлонуп табылган. Долбоордун максаты – элдердин достугун бекемдөө жана Европанын жаштарынын көңүлүн көтөрүү. Жана дагы президенттин ою боюнча, Европанын ар кайсы бурчунан чогулган жигиттер жана кыздар оюнга катышуу менен бирге таанышышат, жаңы досторду табышат, өздөрүн көрсөтүшөт жана дүйнөнү көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 2005-жылы оюн 30дан ашык өлкөдө ойноло баштаган. Азыр Европа гана эмес, Америка жана Азиянын өкүлдөрү бул оюндун даамын татышууда.
Шоу ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай ат менен чыгат. Мисалы, Украинада – “Улуттардын урушу”, Беларуста – “Титандардын урушу”, Казакстанда – “Намыс жарышы”, Орусияда – “Чоң олимпиадалык жарыштар”.

ОЮНДУН ЭРЕЖЕЛЕРИ
Ар бир өлкөдөн бирден топ түзүлөт. Топко ал өлкөнүн кино, спорт, шоу-бизнес жылдыздары жана саясатчылары кирет. Оюндун эрежеси боюнча, команданын курамы: 5 эркек, 4 айым, капитан, 3 кошумча оюнчудан турат. Топко тандалган капитан оюнга катышпайт. Ал жөн гана катышуучуларды аныктайт. Бир сезондо 10 оюн, биринчи жарым финал, экинчи жарым финал, финал болот жана жыйынтык чыгарылат. Ар бир оюн 5 сынактан туруп, көп балл жыйнаган топ жеңүүчү деп табылат.
Негизги сынактар – бассейндеги жарыш, каардуу бука менен бир аянтта тапшырманы аткаруу (бука катышкан эки тапшырма берилет), центрифугадагы (айланып туруучу айлампа) сынак жана ар кандай костюмдарды кийип алып (көбүнчө жаныбарлардын кейпин кийип) коюлган тоскоолдуктардан өтүп, финишке чыгуу.
Таноосунан көк буу чыгып, жолундагы кандай гана нерсе болбосун бүлүндүргөнгө шашкан букалар менен бир аянтта болуунун өзү ден соолукка өтө чоң коркунуч жараткандыктан, “Тез жардам” машинасы даяр турат. Мындай оюндардан канчалаган жаракаттар алынса да, уюштуруучулар оюндун ушул сынагын алып салбай келишет.

ОЮН ЖАРАКАТСЫЗ ӨТПӨЙТ
Бука – оюндун “изюминкасы”. Өзгөчө ушул сынакта көп оюнчу ден соолугуна залал келтирет. Катышуучу колун же бутун сындырат, омурткаларын кокустатат, айтор, аренага чыккан адам канчалык өзүн зыяндан алыстатам десе да жаракатка дуушар болушу мүмкүн. Орусия тараптан ырчы Ираклий, журналист Андрей Малахов мындай абалга туш келген. Жеңил атлетика боюнча бир нече жолку Орусиянын чемпиону Татьяна Кононенько омурткасынан катуу жаракат алган. 2009-жылы спортчу Михаил Сайфулиндин көкүрөгү жабыр тарткан.
Бул оюн эрдик менен мыкты физикалык даярдыктан тышкары стандарттык эмес чечимдерди кабыл ала билүүнү талап кылат. Ар бир оюнда уюштуруучулар ар кандай өзгөрүүлөрдү киргизип турушкандыктан, бул оюнду көрүп тажап кетүү мүмкүн эмес. Өзгөчө эстафетада кандай костюмдар болору элди кызыктырат. Дегеним, бул сынак катышуучунун жаныбарлардай (кумурска, төө куш, кенгуру) болуп кийинип алгандыгы менен кызык. Бул костюмду кийүүнүн өзү эле чоң сынак. Анткени формалар жеңил материалдан тигилген болсо да, салмагы 40 килограммга жетет. Ар бир сынак коркунучтуу болгондуктан, буга чейинки оюндарда жалпысынан 60ка жакын адам жаракат алган.

“ГОРКАЛАР” – ЧЕЧҮҮЧҮ ФИНАЛДЫК СЫНАК
Бул сынакта оюнчу шырык (шест) менен финишке чейин чыгып, андан кайра ылдый түшүп, эстафетаны кийинки катышуучуга өткөрүп берет. Көтөрүлүү үчүн колдун гана күчү жумшалышы керек. Бут же чыканак менен колдорго жардам берсе болбойт. Эрежени бузган оюнчуга оюнду кайра башынан баштоого туура келет. Эгер эки топ тең эрежени бузса, анда оюн кайра башынан башталат. Кайсы топ финишке биринчи келсе, топтогон баллдарына карабай, ал топ жеңүүчү деп табылат.

Негизинен, бул физикалык жактан таймашууга туура келген күлкүлүү оюн-зоок түрүндөгү спорттук таймаш. Экрандан көрүп күлүп гана тим болбостон, болгон эмоцияны чыгарып, кыйкырып, ыйлап же жыргап аласың.

 

 

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан