“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков “Жаңы багыт” деген аталышта программасын коомчулукка сунуштоонун алдында турат. Саясий интригалардан тажаган депутат “жакынкы 100 күндүн ичинде эл жашоонун өзгөргөнүн байкабаса, аягы жаман болот” деп кеп баштады.
– “Жаңы багыт” аттуу программаны коомчулукка жарыялоого алып чыгыпсыз, бул реформалардын топтому кандай өзгөчөлүктөрдөн турат?
– “Жаңы багыт” бул – мамлекеттин жакынкы аралыкта өнүгүү багыты. Биринчиден, бардык көйгөйлөрдүн өзөгү болгон коррупция менен аёосуз күрөшпөсөк, эч нерсе алдыга жылбайт. Мамлекеттик система тазаланбайт, жакырчылык жоюлбайт жана экономика да өнүкпөйт.
Экинчиден, либералдашкан экономиканы түзүшүбүз керек. Көнүп калган советтик, акаевдик, бакиевдик доордон алыстап, тагыраагы, мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн кескин кыскартууга муктажбыз. Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттин ишкердикке аралашуусу 10 пайыздын тегерегин түзөт. Бизде чоң тендерлер, мамлекеттик сатуулар боюнча дале өкмөттүн ролу чоң болгондуктан, жогору жактагылар да коррупцияга баткан. Андыктан тескөөгө алуу менен лицензия жана сертификат берүүнү 80 пайызга азайтабыз.
Азыр кендер чет жердик чоочун компанияларга карматылып жатат, бирок мунун баары ачык-айкын форматта өтүшү зарыл. Эл, негизинен, кредит менен жашап калды, демек, мамлекет дүйнөдөгү ишенимге кирген банктарга жол ачып бериши керек. Биздеги чоң банктардын жылдык үстөгү 20 пайыз, чакан банктардыкы 70 пайызга чейин барууда.
Андан тышкары социалдык салыкты азайтуу кажет, ал эми сатуу салыгын толугу менен жоюп салса болот. Дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрүп, эгерде салык канчалык азыраак болсо, аны төлөгөндөр ошончолук көбүрөөк болорун билдик.
Үчүнчүдөн, укук коргоо органдарын реформалоо. Мисалы, Эстонияда бюджеттен Ички иштер министрлигине берилген каражатты ар бир полицияга бөлө келсек, 2200 долларды түзөт. Ошол эле көрсөткүч бизде 1700 доллар. Айырмачылык дээрлик жок, бирок кыргыз милициясынын көрсөткөн кызматы сапатсыз.
Эми сот тармагы. Демократиялык мамлекет болобуз десек, Европанын адам укугун коргоо конвенциясын кабыл алышыбыз керек. Эгерде Кыргызстандагы компаниялар өлкөнүн ичиндеги соттордон адилеттик таппаса, анда Европага кайрылууга мүмкүнчүлүгү болсун дейбиз. Анын үстүнө соттор корко баштап, “эртең мыйзамсыз чечим чыгарып койсом, Европада ал билинип калса, бетиме көө жабылат” деп ойлойт. Соттор да адилеттүү иштөөгө аракеттенет.
– Программада мамлекеттик кызматкерлер менен чыгымды 50 пайызга чейин кыскартуу да бар экен.
– Ооба, кескин кыскартуу. Антпесек, абалыбыз мындан да начарлай берет. Башкаларга абай салсак, алар бюджеттин кирешесинин ашып барса 15-20 пайызын гана мамлекеттик кызматкерлердин айлыгына бөлөт. Бизде болсо бюджеттин 45 пайызын президент, өкмөт жана парламентке коротуп отурабыз.
– Муну ишке ашырууга сизге бийлик керек, ал үчүн жок дегенде “Ата Мекендин” коалицияга кириши зарыл. Сиздин кадамыңыз кандай болот?
– Программаны ишке ашырам десем, өкмөт башчы же чечим кабыл ала турган жетекчи кызматка баруум кажет. “Ата Мекен” коалицияга кириши да, кирбей калышы да мүмкүн. Биз президентке өкмөт башчыны жеңил рейтинг аркылуу, тагыраагы, каалоочу талапкерди тандоо менен дайындоону сунуштадык. Негизги максатым – программаны коомго жана парламентке алып чыгуу. Эгерде коом ушул программаны туура деп колдоп берсе, эртеби-кечпи, мен өкмөт башчы болуп келем. Бул коомдун талабы болот.
– Буга чейин “Республика” фракциясы өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду көрсөтөрүн айткан. Коомчулукка ушул өңдүү билдирүүнү жар салган сиз болдуңуз. Сиздин Бабановдон айырмаңыз барбы?
– Мына өкмөт айлыкты көтөрдү, экономиканы түшүнгөн адамга мамлекеттин казынасын кыйнап туруп каражатты айлыкка бөлүп коюу оор эмес. Орусиядан же Түркиядан акча ала коюп, аны айлык катары берүүгө көп деле акылдын кереги жок. Мисалы, Грузиянын жаңы өкмөтү ишке киришкенде бир жыл ичинде кирешени үч эсеге көбөйткөн. Биздин өкмөт “жакшы иштеп жатабыз” деди, бирок эмнеге коррупциянын деңгээли боюнча Африка өлкөлөрүнүн катарынан чыга элекпиз?!
Менин айырмам, Бабанов жана анын командасы бир жылдан бери өкмөттө отурат жана алардын иш жыйынтыгы чыкты. Эл аралык жана көз каранды эмес уюмдар ага “өзгөрүү жок” деген баа берип жатышат. Эмне үчүн алар жогорудагы программада айтылган нерселерди аткарбады?
Мен жаңы адам катары ушулардын баарын аткарууга милдеттеме алып жатам. Эгерде аткара албасам, өкмөттүк уюмдар начар деген бааны берсе, анда биз бүт командабыз менен кызматтан кетебиз.
Эльвира Караева
politika@super.kg