Октябрь айында баш калаабыздын Байтик баатыр-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Кыргыз киносу” кинотеатры кыргыз тасмасын баалаган киномандарга эшигин ачкан. Аз убакытта өз көрөрмандарын топтой алды. Бул окуя кыргыз жыттанган тасмалардын көбөйүшү жана алардын улам сапаттуу тартылып жаткандыгын далилдегенсийт.
КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫНАН РАХАТ АЛ
“Кыргыз киносун” ачуу идеясы режиссёр Айбек Дайырбековго таандык. Ал мурун көп тасмалардын режиссёру катары таанылса, эми кыргыз киносун бир нукка салган инсан катары элге аты чыгууда. Баары эмнеден башталган эле? Кыргыз кинолорунун ар кайсы кичи залдарда көрсөтүлүп жатканына зээни кейип, атайын кинозал ачууну көздөйт. Жалпысынан 117 оруну бар зал кыргыз оймо-чиймелери менен кооздолуп, көрүүчүгө жагымдуу атмосфера тартуулайт. Учурда кыргыздын эң популярдуу жана сапаттуу тасмалары дал ушул “Кыргыз киносунда” көрсөтүлүүдө.
Баарынан жагымдуусу, ата мекендик классикалык тасмалар жакынкы күндөрдө көрсөтүлөт. Мурун күн санап көз ирмебей сүйүп көргөн классикалык тасмаларды эми атайын чоң экрандан көрө аласыздар.
“Алгач ачылганда эле классикалык тасмаларды элге тартууласак деген тилегибиз бар болчу. Акыркы мезгилде ар кайсы уюмдардан “классикалык кино коюп бергилечи” деп сунуштап башташканда бул планыбызды ишке ашырууга кириштик”,- дейт кинотеатрдын жетекчиси Айбек Дайырбеков. Мындан ары кинотеатрда шедевр тасмаларыбыз үзгүлтүксүз, шаршемби, жекшемби күндөрү саат 13:00дө көрсөтүлө баштайт.
КӨРҮҮЧҮЛӨРДҮН САНЫ ҮЗҮЛБӨСҮН!
90-жылдары чет өлкөлүк премьераларды көрүп, “бизде да жок дегенде бир айда бир премьера болуп турса” деген Айбектин кыялы азыр орундалууда. Анткени учурда бир айда эле орточо эсеп менен 4 кыргыз киносу элге тартууланат экен.
“Кыргыз киносу мурун “өгөйлөнүп”, канчалык көп кинотеатрлар болгонуна карабай кыргыз драма театрында же тарых музейинде көрсөтүлүп келчү. Кыргызстанда, өз мекенибизде жашап туруп өз кинобузга орун таба алган эмеспиз. Жадакалса башка кинотеатрларга кыргыз киносун көрсөтүп берүүнү сунушташса, теңине албагандай мамиле кылышчу. 4D деп тамашалап атап алышкан эски “Манас” кинотеатрынын бир залында кыргыз тасмалары көрсөтүлүп да жүргөн. Ал жакта тасма бүткөнчө шыптан тамчы тамып турчу. Ошентсе да көрүүчүлөрдүн саны үзүлгөн эмес. Ошонун баарын эске алып, азыр “Кыргыз киносун” ачып, катуу иштей баштадык. Күндөн-күнгө көрүүчүлөр көбөйүп, жадакалса кечки сеанстарга эл батпай калган учурлар болууда”,- деп кубанат режиссёр.
Эмне демекчибиз, “Кыргыз киносу” кинотеатрынан көрүүчүлөрдүн саны үзүлбөсүн!
Гүлжамал Бөрүкулова
kino@super.kg