КӨЧӨЛӨР КИМДИН АТЫН АЛЫП ЖҮРӨТ?

(Башталышы өткөн сандарда)

НАСИРДИН ИСАНОВ
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ

Н.Исанов көчөсү шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Анын түндүк башы Щербаков көчөсүнөн башталып, Васильев, Ушаков, Пржевальский, Тюменьская, Осипенко, Баялинов, Жамбыл, Кудруга, Күрөңкеев, Ташкент, Жибек Жолу, Жумабек, Фрунзе, Абдымомунов, Чүй проспекти, Киев, Токтогул, Москва, Чокморов, Бөкөнбаев көчөлөрүн кесип өтөт. Түштүк башы темир жолго барып такалат.

НАСИРДИН ИСАНОВ КИМ БОЛГОН?
Насирдин Исанов – коомдук-мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын премьер-министри, экономика илимдеринин кандидаты, СССР Инженердик академиясынын академиги болгон. Н.Исанов 1943-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Көк-Бел айылында төрөлгөн. 1960-жылы “Москва курулуш” трестинде жумушчу болуп иштеген. 1961-жылы Москва инженердик-курулуш институтуна тапшырып, 1965-жылы аяктайт. 1970-жылдан тарта «Ош шаар курулуш» трестинин 3-курулуш монтаж башкармалыгынын прорабы, участоктун башчысы жана башкы инженери болуп кызмат өтөйт. 1970-1974-жылдары Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, «Нарын суу энергия курулуш» башкармасынын парткомунун катчысы болгон. 1974-1983-жылдары Ошто курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн башчысы, 1983-1986-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштейт. 1986-1988-жылдары Кыргыз ССРинин министри, 1988-1990-жылдары Ысык-Көл облустук советинин Аткаруу комитетинин төрагасы, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп кызмат өтөгөн.
Н.Исанов 1992-жылы каза болуп, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

ДЭН СЯОПИН
ПРОСПЕКТИ

Дэн Сяопин проспекти Бишкектин батышында жайгашкан. Анын чыгыш башы Фучик көчөсүнөн башталып, Трудовая, Интергельпо, Стаханов, Пишпек, Осташковская, Казаков, Куракум, Корейская, Сельповская, Месарош, Кайназарова, Садыгалиев, Владимир, Кустанайская көчөлөрүн кесип өтөт. Аягы Новопавловка айылына чейин уланат.

ДЭН СЯОПИН КИМ БОЛГОН?
Дэн Сяопин (чыныгы аты-жөнү Дэн Сяньшэн) – кытайлык саясатчы жана реформатор. Кытай Коммунисттик партиясынын ишмери, улуу жол башчы. Ал 1904-жылы 22-августта Сычуань провинциясында Гуанъань кыштагында төрөлгөн. Дэн Сяньшэндин кичине кезинде апасы каза болуп калат. Атасы аны мыкты делген мектепке киргизип, билим алуусуна шарт түзөт. Окуп жүргөн чагында фамилиясын Сяопин деп өзгөртөт. 1919-жылы 15 жаш курагында Францияга окууга жөнөйт. Акчадан кыйналганына байланыштуу окуп да, иштеп да жүрөт. Алгач темир жолдо, кийинчерээк “Рено” автозаводунда, андан соң өрт өчүргүч, официант болуп эмгектенет.
1923-жылы Кытай жаштарынын коммунисттик союзуна кирет. 1923-жылы Кытай Коммунисттик партиясына (ККП) өтүп, Кытай жаштар союзунун лидери да боло алган. 1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин университетине тапшырып, билим алат. 1945-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын секретары болуп орношот. 1952-жылы вице-премьер болуп иштейт. 1966-1969-жылдардагы маданий төңкөрүштөн кийин Дэн достору менен репрессияга кабылышкан. 1973-жылы акталып, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалат. 1975-жылы ККПнын төрагасынын орун басары болуп кызмат кылган. 1977-жылдан тарта өлкөнүн экономикасын, айыл чарбасын, өндүрүш, курулуш, экспортту жөндөөгө жетише алган. Ал 1997-жылы 19-февралда Пекинде каза болгон. Анын ысымы 1996-жылы июнда Бишкектин көчөсүнө ыйгарылган.

(Уландысы кийинки санда)

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан