Үйүңүз борбордук ысык суу жана канализацияга кошулбаган жер там болсо да, жашоого бардык шартты түзүп алууга болот. Ыңгайлуулукту өз алдынча түзүп алууга канча каражат сарпталарын эсептеп көрөлү.
ЖУУНУУЧУ ЖАЙГА КЕРЕКТҮҮ
МАТЕРИАЛДАРДЫН БААСЫ КАНЧА?
Электр суу жылыткычтын базардагы баасы сыйымдуулугуна жараша. Бизде сатыкка көбүнчө сыйымдуулугу 10 литрден 100 литрликке чейинкилер чыгарылат (аталыштары “Аристон”, “Термекс”). 10 литрлиги 4500 сом болсо, 100 литрликтери 7200 сом турат.
Өзүңүзгө канча литрлик керек экенин тандоону төмөнкү таблицадан карап алыңыз:
1 киловаттык суу жылыткыч 1 саатта 1 киловатт-саат электр энергиясын сарптайт. Ал эми 1,5 киловаттык болсо, 1 саатта 1,5 киловатт-саат электр энергиясын сарптайт.
Суу жылыткычтар сууну 85 градуска чейин ысыта алат. Суу ысыган соң жылыткыч автоматтык түрдө өчүп, суу муздап баратса, кайра иштеп турат.
Эми үйдүн ичине жуунуучу бөлмөнү жана 4-5 кишиден турган бир үй-бүлөгө
жете тургандай суу жылыткыч орнотуу канча чыгымды талап кылат
экенин эсептеп көрөлү.
Мисалы, жуунуучу бөлмөнүн ички өлчөмүнүн узуну 2,5 метр,
туурасы 2 метр, бийиктиги 2,7 метр болсун.
Бул бөлмөнүн ичи душ, раковина орнотууга ылайыкталмакчы.
ЧЫГЫМДАР
Шыбак:
Дубал – 22,94 чарчы метр. Керек: 1,5 кап цемент х 270 сом = 405 сом,
8 кап кум (50 килограммдык) x 30 сом = 240 сом.
Пол:
5 чарчы метр. Калыңдыгы
5 сантиметр. Керек:
4 кап цемент x 10 кап кум = 1380 сом.
Кафель:
Дубал – 22,94 чарчы метр. Кафелдин 1 чарчы метри 280 сом. Ошондо 22,94 x 280 = 6423 сом.
Пол – 5 чарчы метр. Полдун кафелинин 1 чарчы метри 300 сом. Ошондо 5 x 300 = 1500 сом.
Шпатлёвка:
4 кап (25 килограмм) х 350 сом = 1400 сом.
Клей:
Кафель чаптоо үчүн колдонулуучу клей
4 кап х 250 сом = 1000 сом.
Канализация:
Жуунуучу жайдан чыккан кир суулар үчүн борбордоштурулган канализация системасы жок болсо, анда короого же короонун сыртына чуңкур (септик) казууга туура келет. Бул үйдөн 10 метр алыс аралыкта жайгашты деп эсептейли.
Чуңкурдун өлчөмүнүн узуну 1,5 метр, туурасы 1 метр, тереңдиги 3 метр = 15 чарчы метр.
Төрт тарабын бетондоо.
Узуну 1,5 метр, туурасы 1 метр, тереңдиги 3 метр жана калыңдыгы 10 сантиметр.
Бул үчүн керек: 5 кап цемент, 1 тонна шагыл, 15 кап кум = 4300 сом.
Эшик – 1 даана 1500 сом (бөлмө аралык).
Терезе – 1 даана (0,4 х 0,4 өлчөмүндө) 400 сом.
Душ кабинасы:
Душ кабинасынын жөнөкөйү 8500 сом.
Душка керектүү бөлүктөрү (суу чабыштыргыч (смеситель), самын койгуч, канализацияга кетүүчү түтүк) жалпылап алганда, баары биригип 2000 сом.
Суу жылыткыч:
4-5 кишиге ылайыктуу 100 литрлиги 7200 сом.
Раковина:
3000 сом.
Раковинага керектүү бөлүктөрү: суу чабыштыргыч 600 сом, суу жылыткычтан ысык суу алып келүүчү резина түтүк 150 сом жана кир агуучу түтүк 150 сом.
Түтүк:
Суу жылыткычка жана раковинага муздак сууну туташтыруучу түтүк.
Диаметри 50 миллиметрлик түтүк – 11 метр х 80 сом = 880 сом.
Бурчтарын кошуучу түтүктөр – туташтыргыч (соединитель) 1 даана = 250 сом. Түтүктүн бурчтарын туташтыргыч 2 даана = 200 сом.
ЖАЛПЫ БААСЫ:
Жуунуучу жайды курууга 41 478 сом сарпталды. Долларга айландырсак, 886 АКШ долларын түзөт.
АШКАНАДА ЫСЫК СУУ БОЛСУН ДЕСЕҢИЗ...
Ал эми мындан тышкары ашканага да идиш жуу үчүн ысык суу кошом десеңиз, жуунуучу жайга орнотулган суу жылыткычка эле туташтырып койсоңуз болот. Ал үчүн суу өткөрүүчү желим түтүк аркылуу ашканадагы эмерек топтомундагы идиш жуучу жайга туташтыруу керек. Кир сууну дагы түтүктөр аркылуу эле жуунуучу жайдагы канализациялык түтүккө кошуу зарыл. Буга кетүүчү каражаттын өлчөмү жана баасы ашкана менен жуунуучу жайдын аралыгына жараша болот.
ЭСКЕРТҮҮ!
Булар базардагы материалдардын орточо баалары менен алынып эсептелди. Ошондой эле орнотуу жана курулуш иштеринин акылары кошулган жок.
Атайын адистердин кызматынан пайдалансаңыз, жуунуучу жайдагы суу жылыткычты жана кир сууну канализациялык түтүккө коштуруунун баасы 2000 сомдон жогору.
ЧУҢКУР КАЗУУДА...
Тереңдиги жер кыртышына жараша болот. Жер саздак болсо, суу чыккан тереңдикке чейин казылат.
Кургак болсо, топурактын катмарынан кийин шагыл чыкканга чейин жана шагылдан дагы 1 метрче тереңдетүү керек.
Ал эми жердин кыртышында топурак калың болуп шагыл тереңде болсо, 3-4 метр казуу жетиштүү. Кир суулар жерге сиңип кете берет.
Чуңкурдун төрт тарабына 10 сантиметр калыңдыкта бетон куюп, үстүн киши түшүп кетпегидей жабуу керек. Колдон келсе люк жасап, үстүн бетондоо оң.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg