ШИРЕҢКЕ ЖАНА ӨРТ

Билип ал

5 жашар Саматты апасы үйүнө жалгыз калтырып, дүкөнгө чуркап кетти. Ал учурда Самат сыналгыдан өзү жакшы көргөн мультфильмди көрүп отурган эле. Бир маалда ашканага суу ичкени кирип, столдун үстүндө турган ширеңкени көрүп калат. Күн сайын апасы газды тамызганда ширеңкени өйдө коюп, Саматка карматчу эмес. Самат аны көрүп сүйүнүп кетти да, дароо бир талын чакты. Чийдин күйүп жатканын кызыгуу менен карап турганда колу ысып чыгып, аны жерге таштап жиберди. От дароо килемди күйгүзүп баратканын көргөн кичинекей Самат коркконунан ашканадан чуркап чыгып кетти. Бат эле каңырсыган жыт келип, үй ичин калың түтүн каптап, өрт алоолоно күчөп чыкты. Ошол учурда тентек Саматтын апасы келип калып, тезинен өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып, бала аман калды. Бирок алардын үйү күйүп кетти.
Балдар, силер да Саматка окшоп үйү жок калууну же күйүп кетүүнү каалабасаңар, эч качан ширеңкени колго албагыла.


Маек

Айбек Аманов: «ДАРБЫЗГА СУУ ТОЛТУРУП...»

“Бал-Балакай” сынагынын бул жолку жеңүүчүсү Арафаттын атасы Айбек Аманов уулунун сүрөтү туурасында айтып берди.

– Сүрөттү кандайча тартып калдыңар?
– Атайын “Супер-Инфо” гезити үчүн тартканбыз. Иним бир күнү чоң дарбыз сатып келип, ичин оюп, жүзүм менен кооздоп баштады. Баланы дарбыздын ичине салсак, ыйлап, эч эле тарта албай койдук. Ичине суу толтуруп отургузсак, отуруп калган.
– Телефон чалсак, Арафат Баткенде экен...
– Ооба, эки ай мурун дагы бир наристелүү болуп, апасы кыйналбасын деп чоң энеси айылга алып кеткен эле. “Жакшы болбодубу, жеңүүчү болуптур. Баланы алып келиш керек экен” деген шылтоо менен Арафатты тез эле алдырып алдык. Сагынычыбызды да таратып алмай болдук.
– Жакшы экен. Уулуңар эл адамы болуп, ден соолугу чың чоңойсун.


ТАП,ТАП, ТАБЫШМАК

Короого тоок издеп баргам,
Жашыл чөп чагып алды (......).
(Чалкан)

Бычмачы эмес,
Тикмечи эмес,
Жалаң ийне, карачы.
Жайда дагы, кышта да,
Жашыл түстүү (......).
(Балаты)

Ойноок, тентек балдарбыз,
Адат кылып алганбыз.
Суусап, чаңкап калганда,
Жеп алабыз (......).
(Дарбыз)

Туураганда үнү чыгат шак-шак,
Курчутсаң, кесет баарын бат-бат.
Ооба, таптың. Мунун аты (.....).
(Бычак)


5 АЙЫРМА ТАП


Апыртма

МАРСКА САЯКАТ

Асек Казиев

Мен айтайын кызыкты,
Мышыгым бар сыйкырчы.
Марска бардым жакында,
Минип алып мышыкты.

Булуттарды аралап,
Ылдый жакты карасак.
Тоолорунан башкасын,
Турат экен суу каптап.

Куттукташып жеңишти,
Марстыктар бүт келишти.
Кучак жайып көрүшүп,
Гүлдестесин беришти.

Суу алдында шаары бар,
Сонундардын баары бар.
Жашайт экен ал жерде,
Адам окшош балыктар.

Айлана бүт деңиздер,
Анда-санда кургак жер.
Ташыйт экен жүргүнчү,
Таксист болуп дельфиндер.

Бардык жерде сый-урмат,
Балык-кыздар ыр ырдап.
Бекер экен ал жерде,
Балдар үчүн балмуздак.

Беш жүз жашта карыя,
Ошол экен падыша.
Отуз күнү той кылды,
Отургузуп жанына.

Көрсөтүштү сонунду,
Көрдүм концерт, оюнду.
Чыга калып мен дагы,
Чертип бердим комузду.

Улуу эл деп кыргызды,
Урмат-сыйын кылышты.
Такты менин төшүмө,
Баалуу каухар жылдызды.

Баары менен достошуп,
Кайттым жылуу коштошуп.
Сапар тарттым жериме,
Мышыгымды ойготуп.

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан