ТАМАКТЫН ДААМЫН ЧЫГАРГАН ТАТЫМАЛ ЧӨПТӨР

Жеген тамак-ашыбыздын даамын чыгарган бул, албетте, татымал чөптөр. Алар даам гана бербестен, миң түркүн касиетке ээ.

ЖИНИҢ КЕЛСЕ, УКРОП ЖЕ
Күнөстүү жерди сүйгөн укроптун мекени болуп Азия эсептелет. Мындан 5000 жыл илгери эле Египет дарыгерлери бул өсүмдүктү дары катары колдонуп келишкендиги тарых барактарында жазылган. Ал эми орто кылымдарда укроп кара күчтөрдөн жана сыйкырдан сактайт деп ишенишкен.
Укроп Р, В1, В2, B, PP витаминдерине жана минералдык туздарга бай. Ал табитти ачуучу, тамакты сиңирүүчү, заара кубалоочу, тынчтандыруучу касиетке ээ болгондуктан, боор, бөйрөк, гастрит ооруларынын алдын алат жана толуп кетүүдөн сактайт. Мындан сырткары укроп кайнатмасы баш ооруганда, көз чарчаганда, кызарганда, ич катканда жана ичеги ооруларында колдонулат.
Кан басымы төмөн адамдар укропту көп колдонуудан качканы оң. Анткени укроп көп жеген адамда алсыздык келип чыгуусу күтүлөт.
Ашканада укроп жаңы үзүлгөн кезинде жана кургатылган түрүндө кеңири колдонулуп келет. Тактап айтканда, суюк тамактарга, дымдалган жашылчаларга кошууга жана салаттарды кооздоого сунушталат.
Укроптун ар бир бөлүгүнөн ага өзгөчө жыт берип турган эфир майын табууга болот. Андан алынган эфир майы косметикалык каражаттарды: бет май, атыр, тиш пастасын жасоодо колдонулат.

Эгерде катуу жинденип, дамамат нервди чыңалтып жүрсөңүз, анда укроптун суусун ичиңиз. Ал үчүн жарым аш кашык укропту бир стакан кайнак сууга саласыз да, 15-20 мүнөткө демдеп коёсуз. Андан соң дакиден өткөрүп, кумшекер же бал кошуп, күнүнө үч жолу ичесиз. Бул рецепт бир гана нерв системаларын калыбына келтирүү үчүн эмес, ашказандын жакшы иштешине да өбөлгө түзөт.

АЙЫМДАРДЫ ЖАШАРТКАН ПЕТРУШКА
Петрушка А, С, В, В1, В2, К, РР витаминдерине жана темир, кальций, фосфорго бай болгондуктан, мейли ашканада болсун, мейли косметологияда болсун, кеңири колдонулуп келет. Анын өзгөчө айымдардын организмине тийгизген таасири зор. Петрушканын уругу айымдардын айыз циклинин бузулушунда, ал эми жалбырагынын жана тамырынын кайнатмасы бала эмизген энелерге сунушталат. Анткени ал сүт көбөйтүүчү касиетке ээ. Мындан сырткары ич көпкөндө, көз ооруларында, кандагы гемоглобинди көтөрүүдө, иммунитетти чыңдоо үчүн колдонушат. Жалбырагынын ширеси курт-кумурскалар чакканда колдонулары да белгилүү.
Косметологияда петрушканы беттеги сепкилдерден, тактардан, безеткилерден арылтууда, чачтын түшүшүндө кеңири пайдаланып келишет.

Беттеги сепкилден арылуу үчүн петрушканын 100 грамм уругун 0,5 литр аракка салып, 2 аптага караңгы жерде тыныктырып алыңыз. Анан бетиңизди таза жууп, даяр тундурманы тактарга күнүгө сүйкөңүз.

КИНЗА ЭРКЕКТИН БЕЛ КУБАТЫН КҮЧӨТӨТ
Кинза – кытай петрушкасы деген ат менен да белгилүү. Анын уругу кориандр деп аталат. Бул татымал чөптүн курамынан В1, В2, С, Р витаминдерин табууга болот. Кинза Азия тамактарынын дээрлик бардыгында, өзгөчө шишкебек жасоодо көп пайдаланылат..Илгертеден эле аны медицина жана төшөк жаатында кеңири колдонуп келишкен. “Эгер эркек кориандрдын тундурмасын ичсе, анда ал өмүр бою төшөктө аялына мыкты “кызмат” көрсөтөт” деп айтышкан. Кытайлар анын мындай касиетин билип, жыныстык жактан алсыздыкты дарылоодо колдонушкан. Ал эми Байыркы римдиктер аны табитти ачуучу, ашказандын иштешин жакшыртуучу өсүмдүк катары баалашкан. Ошондой эле кинзаны абаны тазартуучу, акча чакыруучу өсүмдүк катары баалашып, бөлмөгө өстүрүп келишкен. Кинзанын баалуу касиеттери медицина тармагында да далилденип, учурда жүрөк-кан тамырларынын иштешин жакшыртууда, уйкусуздуктан жапа чеккендерге, депрессияга чалдыккандарга, тамак ооруларына, баш жазууга сунушталып келет.
Кинза ашказан жарасы жана холецистит менен ооругандарга сунушталбайт.

Эгер ичимдик ичкенден кийин баш жазууну каалабасаңыз, анда алдын ала бир чымчым кориандрды 2 аш кашык аракка жибитип коюңуз. Коноктон келгенден кийин аны жеп жатып алсаңыз, баш оорудан кутуласыз.

ТАТЫМАЛ ЧӨПТӨРДҮ САКТОО ЖАНА КУРГАТУУ

  • Татымал чөптөрдү муздаткычта көпкө сактайм десеңиз, анда целлофан баштыкка салып, бир аз аба толтуруп, оозун байлап койсоңуз болот.
  • Эгер татымал чөптү күндө туурап убара тартууну каалабасаңыз, анда майда туурап, туздап, банкага салып муздаткычта сактасаңыз да болот.
    1 килограмм татымал чөпкө 300 грамм туз жетиштүү. Буга сабизди майда туурап кошсоңуз да болот.
  • Татымал чөптөрдү сактоонун дагы бир жолу – майда тууралган чөптү муздаткычтагы тоңдургучтун идишине салып, бир аз суу куюп тоңдуруп коюу. Даяр болгон кубиктерди целлофан баштыкка салып, муздаткычтын эң төмөнкү темпе­ратурасында сактасаңыз болот. Керек болгондо эритип алып колдоно бересиз.
  • Татымал чөптөр үстү жабык кургак мискейде же банкада сакталса, бир нече күнгө чейин жаңы бойдон тура берет. Ал эми соолуп бараткан көк чөптөрдү уксус кошулган муздак сууга 1-2 саат салып койсоңуз, өз калыбына келет.
  • Татымал чөптүн кайсы гана түрү болбосун, саргайган жана бузулган сабактарынан тазалап, муздак шар сууга жууп, сарыктырып алуу керек. Андан кийин кичинеден боолоп байлап, жакшы желдей турган көлөкө жердеги зымга же жипке илип кургатуу туура. Татымал чөптөрдү аралаштырбай, ар бирин өз-өзүнчө кургаткан оң. Кургаган татымалдарды оозу жакшы бекилүүчү идиште сактоо зарыл.
  • Эгер күн бүркөк болсо, анда оозу ачылган духовкада 40-50 градус температурада кургатуу сунушталат. Температураны туура сактоого аракет кылыңыз. Анткени жогорку температурада кургатылган татымал чөптүн жыпар жыты учуп кетип, курамындагы витаминдер бузулат.
  • Татымал чөптөрдү кыштын күнү да өсүп турган жеринен үзүп алып колдонууну кааласаңыз, анда үйдө, кадимки эле карапаларда өстүрсөңүз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sachko
2011-12-13 13:40:10
петрушка сепкилди кетирерине ишенбейм,себеби менин сепкилим кичинемен бери бар ал кетпесе керек.
0
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан