Шоу-бизнес чөйрөсүндөгү чыгармачыл адамдарга жашоодо эң маанилүү болгон үй-бүлө, аял-эркек маселеси тууралуу кызыктуу суроо салганбыз. Узаткан суроолорубузга төмөндөгүдөй жооп алдык.
– АЯЛЫҢЫЗДЫН ТӨРӨТҮНӨ КАТЫШАТ БЕЛЕҢИЗ?
Борончу, куудул:
– Мм... Жок. Коркомун го дейм. Мен буга чейин төрөткө катышып көргөн эмесмин. Бирок катышкысы келип, аялы оор учурду башынан өткөрүп жатканда моралдык жактан колдоп тургандарга каршылыгым жок, аларга оң эле көз караштамын. Анткени “аялдын бир ажалы төрөттөн” деп коюшат. Ал өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканда жанында болгонуң эле жакшы да. Ушул нерсе кичине болсо да эркектин аялзатына болгон аёо сезимин, сыйын күчөтөт деп ойлойм.
Айрым эркектердин, албетте, психикасына терс таасирин тийгизип, “мындан кийин балалуу болбойм” деген ойго барышы да мүмкүн. Андыктан нерви жукалар аялын боюнда бар кезинде эле жакшы көңүл бөлүп караганы жетиштүү болуш керек.
– “АЯЛЫНЫН КӨЗҮНӨ ЧӨП САЛБАГАН ЭРКЕК –
ЭРКЕК ЭМЕС” ДЕГЕНГЕ КАНДАЙ КАРАЙСЫЗ?
Бек Борбиев, обончу, ырчы:
– Мындай ойлорго таптакыр кошулбайм жана туура эмес деп эсептейм. Эмне, жигит жигиттигин ушул нерсе аркылуу гана далилдеши керек бекен?!
– “КЫЗДЫК НАМЫСЫ ЖОК ДЕЛЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫГУУГА БОЛОТ”
ДЕГЕНДЕРГЕ КӨЗ КАРАШЫҢЫЗ?
Гүлнур Асанова, актриса:
– Бизде менталитет деген бар, ошону унутпасак. Кыз бала намысын сактап эле күйөөгө узаганы туура. Учурда батыштын терс таасиринен улам мындай нерселерге көз жумган жаштар көп. Мындай көрүнүштөрдүн баары тарбиядан да көз каранды, менимче.
– ПРЕЗИДЕНТТИН ЖУБАЙЫ БОЛСОҢ ДЕЛЕ
АКТРИСАЛЫКТЫ ТАШТАБАЙТ БЕЛЕҢ?
Зарема Асаналиева, актриса:
– Билбейм, ошондо көрмөкмүн да. Менимче, тартыла берет болушум керек, анын уруксаты менен. Балким, киного тартылбай, өзүм кино тартмакмын, атайын киностудия ачып алып, ким билет?..
– ЖОЛДОШУҢУЗГА СМС ЖАЗЫП ТИЙИШИП ЖҮРГӨН КЫЗДАРДЫ
БАЙКАП КАЛСАҢЫЗ КАНДАЙ КАДАМГА БАРМАКСЫЗ?
Неля, ырчы:
– Биринчиден, мындай нерсе болгон эмес жана болбой эле койсун. Ал эми СМС жазган айымга телефон чалып териштирип, аны менен урушканга чейин бармак эмесмин. Ал жоругун өзүнүн абийирине коймокмун.
– БОЮ 2 МЕТРГЕ ЖАКЫН КЫЗДЫ ЖАКТЫРЫП КАЛСАҢ ЭМНЕ КЫЛМАКСЫҢ?
Азамат Исмаилов, “тамашоучу”:
– Жашоомдо андай болгон. Бою узун кыздар менен мамиле түзүп көргөм. Болгондо да алар мени сүйүшкөн. Тагдырдын буйругу экен, алардын бирине да үйлөнгөн жокмун. Не кылалы, буйрук ушундай болсо...
– “ЭРКЕКТЕР ЭҢ ТУРУКСУЗ ЖАН КЕЛИШЕТ” ДЕГЕНГЕ КОШУЛАСЫЗБЫ?
Лилия Абдыбаитова, ди-джей:
– Хе-хе-хе... Эми, албетте, баары түгөл туруксуз дегенден алысмын. Туруктуулары деле бар болуш керек. Бирок көбү акчасы көбөйгөндө бузулуп, кайда чачарын билбей, жаман жолго барып жатышпайбы. Ошонун айынан үй-бүлө очогу урагандар толтура да. Айымдарга салыштырмалуу мырзалар чынында эле туруксуз келишет.
Лунара Бекиева
star@super.kg