5-декабрда ФИФА «Жылдын мыктыларына» талапкерлердин акыркы үчтүгүн жарыялады. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары 9-январда Цюрихте өтүүчү салтанатта аталат. Абройлуу наамдар боюнча талапкерлер төмөнкүчө:
“Жылдын мыкты футболчусу”: Лионель Месси (Аргентина), Криштиану Роналду (Португалия) жана Хави (Испания).
“Жылдын мыкты футболчу айымы”: Марта (Бразилия), Хомаре Сава (Япония) жана Эбби Уамбах (АКШ).
“Жылдын мыкты машыктыруучусу”: Хосеп Гвардиола (Испания), Жозе Моуринью (Португалия) жана Алекс Фергюссон (Шотландия).
“Жылдын мыкты голу”: Лионель Месси (“Арсеналдын” дарбазасына киргизген голу), Неймар (“Фламенгонун” дарбазасына киргизген голу) жана Уэйн Руни (“Манчестер Ситинин” дарбазасына киргизген голу).