4-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бокс боюнча өлкө биринчилиги аяктады. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген мыкты мушкерлер 10 салмактык категорияда салгылашышты. Мелдеште күтүлбөгөн натыйжалар катталып, жаңы ысымдар чыга келди. Алардын негизгиси катары эл аралык класстагы спорт чебери Асадулло Баймурадовдун (69 килограмм салмакта) финалда Каныбек уулу Азаматка (сүрөттө) жеңилип калганын айтсак болот. 10 салмактын алтысында борбор шаарыбыздын атынан чыккан мушкерлер чемпиондукту жеңишти. Чемпиондор менен төмөнкү тизмеден таанышып алсаңыз болот:
Асылбек Назаралиев (49 килограмм, Бишкек)
Азат Үсөналиев (52, Чүй)
Өмүрбек Малабеков (56, Чүй)
Нурлан Кобашев (60, Чүй)
Эрмек Сакенов (64, Бишкек)
Каныбеку уулу Азамат (69, Ысык-Көл)
Нурсултан Осмонов (75, Бишкек)
Сергей Скляров (81, Бишкек)
Чингис Борбашев (91, Бишкек)
Талант Карабаев (+91, Бишкек)