Күздүн акыркы күндөрүндө Токмок шаарынын борбордук бөлүгүндө кичи футбол майданы ишке кирди. Бул ата мекендик футболго зор салым кошуп келаткан «Дордой» ассоциациясынын кезектеги белеги болуп калды.
Баса, 29-ноябрда ачылышы жасалган бул кичи майдан токмоктуктарга акыркы сюрприз эмес. Анткени дагы бир чоң майдан куруу үчүн 3 миллион сом бөлүнгөн. «Дордой» муну менен чектелбей, өлкөнүн түрдүү аймактарын майдан менен камсыз кылуу долбоорунун үстүндө кызуу иштээрин билдирди. Жашасын футбол!