Сүйүнчү! «Лондон-2012» Олимпиадасына алгачкы жолдомого ээ болдук. Бул жолдомону биз күткөндөй балбан же мушкер эмес, 26 жаштагы жөө күлүк Юлия Архипова камсыздады.
Юлия март айында Лос-Анжелесте Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу марафонго катышкан эле. Ошондо ал символикалуу 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 30 мүнөт 55 секундда басып өткөн. Бул көрсөткүч Олимпиада нормативине жооп берери аныкталып, Лондонго баруу бактысына ээ болду. Эмне дейбиз, бул жолдомо артынан далай жолдомолорду ээрчитип келе берсин. Юля – красавчик! Чемоданыңды даярдай бер!