АЛМАЗБЕК РАИМКУЛОВ БАШКА ӨЛКӨНҮН
ЖАРАНДЫГЫН АЛУУГА АРГАСЫЗБЫ?
БАШ СӨЗ ОРДУНА
Жакында жергиликтүү интернет порталдардын биринин кызматкерлери АКШда кыргыз желегин желбиретип жүргөн мушкер Алмазбек Раимкуловдун интернет аркылуу мекендештерине кайрылуусу боюнча маалымат жыйынын өткөрүштү.
Анда «Алмазбек Раимкулов учурда паспорту жок, АКШда барымтада калууда. Шаардан шаарга көчүп, жаш мушкерлерди машыктыруудан түшкөн акча менен күн көрүп жатат. Маселени чечүү үчүн дипломатиялык паспорт керек экен. Мушкерибиздин укугун коргоого биздин чоңдор эмнеге кайдигер карашат? Кыргыздын атактуу мушкери чет жерде кор болуп жүргөндө чара көрө албаган мамлекеттен чет жерде иштеп жүргөн катардагы боордошторубуз эмне күтөт?» деген ойлор айтылды.
Жыйында Алмазбек менен видеобайланыш уюштурулмак. Бирок ал ишке ашкан жок. Биз спортчу менен интернет аркылуу байланыштык.
«БАШКА ӨЛКӨНҮН СУНУШУН КАБЫЛ АЛУУГА АРГАСЫЗМЫН»
Башынан кыйын кырдаалды өткөрүп жаткан мушкер баарлашуу маалында өлкөнү сагынганын жашырбады. Кеп учугу өзү тууралуу чырларга бурулганда төмөнкүлөрдү айтып берди: «2 жылдан бери Роза Отунбаевага «менин укугумду коргоп койгула» деп жазган каттарыма жооп болбоду. Менин кыргызым үчүн жасаган аракетимди бийлик башындагылар түшүнгөн жок. Ошол себептен дипломатиялык паспорт алуу талабын айтып, ММКларга кайрылып отурам. Биздин аткаминерлердин кыргыз жаранына көңүл бура албаганы өкүндүрөт»,- дейт.
Мушкер билдиргендей, Азербайжан жана Араб Эмираттары ага дипломатиялык паспорт убада кылып, бир катар сунуштарды киргизип жатышыптыр. Бирок спортчу патриоттуулукту жогору коюп, андай сунуштардан баш тартып койгон. «Эгер дипломатиялык паспорт берилбесе, башка өлкөлөрдүн сунушуна көнүүгө аргасызмын»,- дейт ал.
Бул боюнча Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын басма сөз катчысы болуп иштеген Султан Каназаровго кайрылган элек. Султан мырза: «Бул окуя тууралуу кабарым жок экен. Кат жолдоптур?.. Жок, андай болгон эмес»,- деген жообун берди.
ЖЫЛАНДЫН КУЙРУГУН КАНТИП БАСКАН?
Алмазбек Раимкулов 2001-жылдан тарта АКШда профессионалдык бокс менен алектенет. Рингге Кыргызстандын желеги астында чыкканы үчүн АКШда саясий кысымдар көп болорун өзү айтып келет. Атүгүл аны баңгизат маселесине байланыштырып, абакта чиритүүгө аракеттенгендер бар экенин мисал келтире алабыз. Бирок эки жыл мурун башталган бул жолку чырдын түйүнү акчада жатат. Мушкердин айтымында, оор беттештерге карабастан, бөлүнгөн сумманын 30 пайызы өзүнө тийсе, калганы промоутердин чөнтөгүнө кетчү. Алмазбек мырза бул маселени калыс чечүү боюнча промоутери менен сүйлөшүүгө барып, бирок чырдаша кетишет. Мушкерлигине салып муштап жиберген мекендешибизди промоутер сотко берген.
Сот иши 2 жылдан бери бүтпөй келатыптыр. Акыркы жыйынтык 26-ноябрда болуучу сот отурумунда чыкмак. Соттун чечимин сурап байланышканыбызда спортчудан «сотто «документтериңди 20 миң доллар өлчөмүндөгү акча менен жасатасың же саясий баш калкалоо сура, 5 миң доллар болот» деп чечим чыгарышты» деген жооп алдык.
«РАИМКУЛОВДУН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЧҮ ОЮ ЖОК»
Учурда Раимкуловго чын жүрөктөн күйгөн укук коргоочулар, жеке ишкерлер бар. Бирок кызуу талкууга алынган бул жорукту айрымдар «соттун алдында жоопкерчиликтен качууда» деп бааласа, кээ бири эмнеге жорууну билбей башы маң. Ал эми КРнын Тышкы иштер министрлиги: «Биздин АКШдагы элчиликтин консулу мушкер менен сүйлөшүп, «оперативдүү негизде арыз жаз, өлкөдөн чыгарып кетели» десе, «дипломатиялык паспорт бергиле» деп көнбөй коюптур (дипломатиялык паспорт – мамлекеттик деңгээлдеги паспорт. Анын ээлеринин коопсуздугу мамлекет тарабынан кайтарууга алынат жана башка өлкөлөргө эркин кирип-чыгууну камсыздайт). Ага кошумча Кыргызстандын жарандык паспортун алуудан да баш тартыптыр. Ал дипломатиялык паспортко ээ болуп, Европа өлкөлөрүндө жашагысы келип жатат. Кыргызстанга келчү ою жок»,- деп билдирди.
Демек, Алмазбек Раимкулов кыргыз паспортун алуудан баш тартса, анын башка өлкөгө кетери чын экен да. Алмазбек Раимкулов биз менен акыркы баарлашуусунда: «Мага эми баары бир. Колдорунан келгенин кылышсын. Камаса камашсын»,- деди.
Азырынча ушундай. Бул маселеге дагы кайрылабыз. Эмки аптада мушкердин жакын адамдарынын бири Америкадан Кыргызстанга келет. Ал киши менен жолугушуп, суроолорго жооп алмакчыбыз.
«СУПЕР-ИНФОНУН» МААЛЫМДАМАСЫ
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg