ОТ-ЖАЛЫНДЫН ОРТОСУНДАГЫ КАСКАДЁР

Көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип, ал эле эмес, учуп бараткан учактын канатына жармашкандарды көргөндө “актёрго баракелде!” деп суктанып калат эмеспизби. Бирок бул эмгек актёрдуку эмес, көшөгө артында калган каскадёрдуку. Эмесе, сөз өмүрү кыл учунда тургандан ырахат алган каскадёрлор тууралуу болсун.

"ГИННЕССКЕ" КИРГЕН СЫЙМЫГЫБЫЗ
“Каскадёр” – француз тилинен которгондо “тобокелди сүйүүчү адам”. Каскадёр тасмада актёрдун ордуна оор трюктарды аткаргандыктан, аны актёрго окшоштуруп тандашат. Кээде ага окшоштуруу үчүн грим колдонулат. Трюк аткарылып жаткан учурда дублёрдун жүзү чоң план менен тартылбайт. Бул – актёрдун ордуна иштеп жатканын билдирбештин амалы.
Каскадёрлук кесип 1910-жылдарда Орусияда негизделген. Биринчи "каскадёрлор" цирк артисттери эле. Ал эми “каскадёр” деген түшүнүк 1985-жылдарда гана пайда боло баштаган. СССРдеги профессионал каскадёрлорду үйрөтүүчү “Аква-трюк” мектеби 1988-жылы ачылган.
Дүйнөнү таң калтырган каскадёрлордун бири катары француз Жиль Деламарды айтсак болот. Ал учуп бараткан учактан 1 чакырым бийиктиктен коргонуу каражаттарысыз секирген. Кийин катуу ылдамдыктагы унаада баратып өз учурунда токтото албай кырсыкка учурайт. Башы үзүлүп кетип каза тапкан.
Ал эми Кыргызстандагы каскадёрлордун “атасы” катары Үсөн Кудайбергенов белгилүү. “Гиннесс рекорддор китебине” кирген биз сыймыктанчу нерселердин бири “Манас” эпосу болсо, экинчиси – каскадёрлук рекордду багындырган Үсөн Кудайбергенов. Ал бийиктиги 30 метрлик аскадан сууга аты менен секирген. Бул кесиптин оош-кыйышын бизге каскадёр Адилет Акматов баяндап берди.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Адилет Акматов
Туулган жылы – 1981-жыл, 9-октябрь
Кичи мекени – Ош облусу, Кара-Кулжа району
Жашоодогу урааны – “Тынымсыз аракет ийгиликке жеткирет”
Тартылган фильмдери – “Баш аламан”, “Ант”, “Гаишники” (орус тасмасы), “Миң бала”, “Боксчунун жолу” (казак тасмалары) жана башка кыска метраждуу тасмалар

Адилет Акматов:
«КАНЧА ЖЕРИМ СЫНДЫ, БИРОК КАСКАДЁРЛУКТУ ТАШТАЙ АЛБАДЫМ»

– Айтсаңыз, кесибиңиз боюнча сүрөтчү экенсиз, каскадёрлукка кантип келип калдыңыз?
– Өспүрүм кезимде Жеки Чандын тасмаларын көрүү мен үчүн ырахат болчу. Кызыгы, анын трюктарын көрүп, “бул компьютердин жардамы менен жасалган нерсе” деп, анча ишене берчү эмесмин. Кийин акробатикага кызыгып калдым. 7-8-класста окуп жүргөнүмдө биринчи жолу сальто жасап, базалык кыймылдарга үйрөндүм. Кызыгуунун арты менен кийинчерээк "каскадёр болсом..." деген максат койдум. Студент кезде өзүмө окшогон балдар менен достошуп, көчө каскадёрлугу (паркур) менен машыга баштадык. Анда азыркыдай аталышы жок эле, кийин паркур жаштар арасында модага айланып кетти. Биздин биринчи тасмабыз да паркур тууралуу эле. Ошондон кийин актёр болуу, кино тартуу жөнүндө ойлор пайда болду.
– Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
– Алгач акробатика, паркур, кыргыз күрөшү, андан кийин у-шу, тайгизи, айкидо менен машыктым. Кыскасы, спорттун бир топ түрлөрү менен алектендим окшойт.
– Тасмага тартылуу учурундагы кызыктуу окуялардан кеп салсаңыз...
– "Гаишники" тасмасына тартылып жатканда имараттын ичинен жардыруу болуп, мен терезеден учуп чыкмакмын. Бирок пиротехниктер эрте жардырып салышкан. Жардыруу болгондо каскадёр күйүккө каршы атайын бет май колдонмок, а мен жетишпей калгам. Күйүп жаткан терезеден секирип, бетимдин териси бир аз күйүп, чачым да күйүп калган.
Казакстанда бир тасмага тартылып жүргөндө күлкүлүү окуяга туш болгом. Мен жана дагы 3-4 адам өлүктөрдүн ролун аткармакпыз. Ортодо бир аз тыныгуу жарыяланганда ошол жерде эс алып отуруп, жанымдагылар уктап кетишкен экен. Чыгармачыл топ келери менен камерага тарта баштаптыр. Алар "өлгөн адамдардын ролун мыкты аткарып жатышат" деп бизди мактап жатышса, арабыздан бирөөнүн коңурук тартканы угулуп жатпайбы. Мен чыдабай каткырып жиберсем, чыгармачыл топтун баары күлүп, кайрадан тартууга туура келген.
– Каскадёрлор көп жаракат алышат эмеспи. Кайсы жаракаттар эсиңизде калды?
– Студент кезимде эле буту-колум сынып, ата-энемдин “кой, токтот” деп каршы чыккан учурлары көп болду. Сынган жериң ооруп жатканда тымызын “ий, эмне кереги бар?” деп да ойлоп кетесиң, бирок айыккандан кийин кайра эле машыгып баштайсың. Анын үстүнө 4 ай машыкпай калсам, кадимкидей денем ооруксунуп баштайт. Анан кайра киришип кетем. Каскадёрлук – кумар. Ага бир кирип алсаң, андан башка жашоону элестете албай каласың. Бир мисал, моюнум сынып, 3 ай ооруканада, 3 ай үйдө төшөктө жаткам.
– Чынын айтсаңыз, каскадёрлук менен үй-бүлөнү багууга болобу? Бир тасмадан канча каражат аласыздар?
– Болот, бирок Кыргызстанда эмес, чет жактарда. Бизде каскадёрлорго тийиштүү колдоо, материалдык жардам берилбейт. Ошондуктан аталган кесип менен гана жан багуу оорго турат. Ал эми чет өлкөлөрдө, ошол эле Казакстанда бул кесип менен татыктуу жашоого мүмкүн. Бир тасмада жок дегенде 5-10 трюк аткарылат. Бир трюктун баасы 1000 доллардан бааланат.
– Кыргызстандагы каскадёрлордун абалы кандай?
– Бизде таланттуулар абдан көп. Үсөн Кудайбергеновдун мектебинен чыккан мыкты каскадёрлорубуз бар, аларды колдоо гана жетишпейт. Каражат маселесине келип эле токтоп калат. Андыктан көптөгөн жигиттер чет өлкөгө кетүүгө аргасыз. Ал эми калганы Казакстандын атынан чыгышат. Мен бүгүнкү күндө Казакстандагы “Ноомад” каскадёрлор союзунун мүчөсүмүн.
– Өрт менен суунун ортосунда жүргөн адам үй-бүлөгө кандай болду экен?
– Кеч үйлөндүм. 27 жашымда Айгүл аттуу кыз менен баш коштум. Бир кыз, бир уулубуз бар. Кызымдын аты – Сымбат, быйыл 3 жашка толду, уулумдун аты – Арсен, жакында 1 жашка чыгат. Кызым азыртадан эле секирип, чуркаганды жакшы көрөт. Кээде карап отуруп, “чоңойсо каскадёр болуп калабы?..” деп да ойлоп кетем.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
От-жалындын ортосундагы каскадёр
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
miranana
2011-12-12 10:01:58
Азаматсыз Адилет аке! Ишинизде ийгилик коштосун! Кайда журбонуз жаратканым колдосун!
0
Mir87Dan92
2011-12-13 14:57:03
Мен Адилет байкени 2004 жылдан бери тааныйм сыртан мага Адилетин трюктары абдан жагат баракелде Адилет алга дайым бизден кийинки муун Джекки Чан деп эмес Адилет деп туурап журушсун
0
880909
2011-12-15 16:10:42
ийгиликкк..............!!!!!!!!!
0
engel
2011-12-16 00:42:57
uau menin mechtamdagy jigit ushundaai!toktoo,ordu m-n suilogon,oor basyryktuu jana en bashkysy kuchtuu!Supeeer!Iygilik sizge!
0
Aziz-87
2011-12-17 16:24:45
Жакшы алга братан!
0
rht
2011-12-27 12:41:33
Ар дайым ишинизди ийгилик кооштоп журсун! Биз сиз менен сыймыктанабыз, азаматсыз!!!
0
Alisher96
2014-05-15 22:48:11
ийгилик адилет байке
0
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан