ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАР АДАМДЫ АКЫРЫНДАП ӨЛТҮРҮҮЧҮ КУРАЛБЫ?

Биздин өткөн сандарыбыздын биринде “Энергетикалык суусундук өмүрдү кыскартат” аттуу материал жарык көргөн эле. Ошондон кийин редакцияга Кыргыз Республикасына “Ягуар” суусундугун расмий таратуучу “Арктур” ЖЧКсынан кат келген. Катта “Алкоголу аз суусундуктардын ден соолукка келтирген зыянын жазганыңар чындыкка жатпайт” деп көрсөтүлгөн. Андыктан изилдөөбүздү улантып, депутаттарга, тиешелүү адистерге алкоголу аз энергетикалык суусундуктардын ден соолукка бере турган таасири боюнча кайрылдык. Ошондой эле энергетикалык суусундуктарга тыюу салынган же салынган эмес деген маселени чечүү боюнча да тиешелүү адистен жооп алдык.

“ТЫЮУ САЛУУ ҮЧҮН КЭЭ БИР МЫЙЗАМДАРДЫ БУЗУУ КЕРЕК ЭЛЕ...”

Каныбек Качкынбаев,
Спирт жана алкоголдук продукцияны чыгаруу, сактоо, сатуу жана көзөмөл боюнча мамлекеттик агенттиктин спирттик-алкоголдук продуктыларды өндүрүү жана ташып келүүгө лицензия берүүчү бөлү­мүнүн жетекчиси:

“Өкмөт аз алкоголдуу суусундуктарды сырттан алып келүүнү токтотууга чечим чыгарды” деп интернет булактарына жарыяланган эле. Бирок соода түйүндөрүндө андай суусундуктар сатылып эле жатат. Буга себеп эмнеде?
– Алкоголу аз суусундуктар баары бир ден соолукка зыян. Ушундан улам элдин саламаттыгын ойлоп, Саламаттыкты сактоо министрлигине 2011-жылдын августунда «алкоголу аз энергетикалык суусундуктардын өспүрүмдөрдүн, дегеле адамдардын ден соолугуна тийгизген зыяны канчалык экенин билип берсеңиздер» деп кат менен кайрылган элек. Алар бизге 2011-жылдын 2-сентябрында кат менен жооп беришкен, анда:
“Республикалык наркологиялык борбордо 23 өспүрүм каттоодо турат. Аз алкоголдуу суусундуктар жана башка зыяндуу заттар өспүрүмдүн саламаттыгына кандай таасир тийгизерлиги жаатында Кыргызстанда илимий, клиникалык да изилдөө жүргүзүлгөн эмес” деп айтылат. Бул кат тууралуу өкмөткө билдиргенбиз.
Бирок энергетикалык суусундуктар маселеси ата-энелерден түшкөн арыздын негизинде ЖКда каралган соң өкмөттөн октябрда “аз алкоголдуу суусундуктарды киргизүүгө убактылуу тыюу салынсын” деген кат келген бизге. Интернет булактар да ушинтип басып чыгышкан. Тыюу салуу үчүн кээ бир мыйзамдар жана мамлекеттер аралык келишимдерди өзгөртүү керек эле. Булар өзгөртүлбөгөндүктөн, алып кирүүгө тыюу салган эмеспиз. Анын үстүнө Саламаттыкты сактоо министрлигинин жогоруда аталгандай жооп каты бар болчу да. Бирок азыр бул министрлик андай суусундуктардын зыяны канчалык экендигин аныктоо максатында изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат.
– Канча алынып келинет?
– Аз алкоголдуу энергетикалык суусундуктар, негизинен, сергитүүчү жана энергетикалык деп бөлүнөт. Өлкөдөгү өзүбүздүн ишканалардан 2010-жылы 5 миң литр, ал эми 2011-жылы 9 айында эле 5 миң литр энергетикалык суусундук чыгарылып, сатыкка коюлган (сергитүүчү аз алкоголдуу суусундук бул – курамында алкоголь 7га, кант 10га чейинки суусундуктар. Ал эми курамында алкоголь 7га чейинки, бирок кант 10дан ашса, анда энергетикалык алкоголу аз суусундук деп аталат). Буларды 2 ишкана чыгарууда. Суусундуктун курамы “Ягуардыкына” окшош.
Сырттан алынып келгендерге келсек, 2010-жылы 2 миллион 800 миң литр, 2011-жылы 11 айда 2 миллион 959 миң литр келген. Энергетикалык суусундуктардан бизге “Ягуар”, “Чёрный Русский”, “Казанова”, “Форестер”, “Ред-Булл” жана башка түрлөрү келет. Булар көбүнчө Казакстандан жана Орусиядан алынып келинет.
– Демек, тыюу салууга мүмкүн эмес...
– Тыюу салып койсок, анда бизде аны өндүрүү көмүскөдө башталат. Себеби жогоруда айткандай, аны керектөө бар. Демек, каалагандай жасап, саткандар чыгат. Курамын Кудай билет, эмнеден жасаарын? Андыктан, биз, агенттик, өзүбүздө чыгарууга жана сырттан алып келүүгө тыюу салбай (эл ичишсе да тазасын ичсин деп), анын санын чектөө максатында салыктын көлөмүн көбөйттүк. Мисалы, мурун литрине 3 сомдун тегерегинде төлөшсө, азыр бул бааны 15 сомго көтөрдүк. Эми 60 сомго чейин көтөрүү пландалууда. Анан дагы азыр 0,5 литрлик идиштерге куюлуп жатса, аларды 0,2 литр же 0,33 литрлик идиштерге куюп сатуу керек деп талап коюп жатабыз. Алардын сыртына да “1 банкадан ашык ичүүгө болбойт” деген көрсөтмө жазылат.
Менин оюмча, коом аз алкоголдуу суусундуктарды аз жана туура ичүүнү үйрөнүүсү керек деп эсептейм. Тактап айтканда, ичүү маданиятын үйрөнүү зарыл.

– ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАРДЫН ЗЫЯНЫ КАНЧАЛЫК?
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ...

“ГЕНОФОНД ҮЧҮН КОРКУНУЧТУУ”

Турсунбай Бакир уулу,
ЖКнын депутаты:

– Энергетикалык суусундуктарды, анын ичинде алкоголу бар түрүн ичкендердин көбү жаштар. Көбүнчөсү 12-16 жаштагылар. Алар – келечектеги ата-энелер да. Окумуштуулардын жана дарыгерлердин изилдөөсүнө таянсак, “Ягуардын” алкоголу
9 пайыздуу эки банкасындагы этил спиртинин көлөмү 50 грамм аракка барабар. Адам такай аптасына 2 банкадан кем эмес ичип турган болсо, анда аны ичимдикке көз каранды деп эсептей берсе болот экен. Ичүүнү адатка айланткан жаштардан кийин ден соолугу начар же майып балдар төрөлүп калышы толук мүмкүн да. Ошондуктан генофонд үчүн коркунучтуу.
Мен ушул себептерден улам ЖКда бул тууралуу сунушту көтөрүп чыккам. Башка депутаттар да менин сунушумду колдошкон. “Ягуарды” алкоголу аз ичимдиктердин катарына киргизип, 18 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салуу абзел. Саткандарга айып пул салуу керек. Дагы кайталанса, бир жылга коомдук иштерге бекер иштөөгө чектөө зарыл.

“ПСИХИКА НАЧАРЛАП, АДАМ КЫЛМЫШКА ЖАКЫН БОЛОТ”

Венера Асанбекова,
Республикалык наркология борборунун врач психиатр-наркологу:

– Энергетикалык суусундуктар, анын ичинде “Ягуар” адамга эч кандай энергия бербейт. Тескерисинче, адамдын запастагы энергиясын алдын ала иштетип, адам энергиясы жок калат. Мисалы, адам бүгүн “Ягуар” ичсе, эртеси шалдырап, ыкшоо тартат. Анан адам “кечээ “Ягуар” ичкенде шайдоот, ыкчам болуп калдым эле, бүгүн да ичейин” дейт да дагы ичет. Ошентип, улам түгөнгөн энергиясынын ордун толтурам деп “Ягуар” ичип жүрүп, ага көз каранды болуп калат. Суусундук менен организмге кирген алкоголь адамдын организмин уулай баштайт. Дене алкоголго көнөт. Анан баштапкы дозага ыраазы болбой, ээсинен улам чоңураак доза талап кыла баштайт. Ошентип, өспүрүм бала же кыз ичкиликке аздан берилип баратканын билбей калат. Ошондуктан аз алкоголу бар суусундуктар “жай өлүм” деп аталат. Бара-бара адамдын эс-тутуму, кабыл алуу, ойлоо жөндөмдүүлүгү начарлайт. Түркүн оорулар келип чыгат. Ичпей калган учурда энергия жана алкоголдун дозасы жок организм депрессияга, стресске учурайт. Мындай учурда адам уруш-талашка, кылмышка жакын болуп, өз өмүрүнө кол салганга чейин барат. Түнкү клубдарга, дискотекаларга баргандан кийин уруш-мушташтар да ушул себептерден болуп жатат.
1 мисал келтирейин. Акмат деген студент жигит алкоголу аз энергетикалык суусундукту ичип, анан алымсынбай дамамат сыра ичкенге өтүп кеткен. Сыраны таштай албай, азыр бизден дарылануудан өтүп жатат.

“ТУКУМСУЗДУККА ЖЕТКИРЕТ”

Акылбек Усупбаев,
Республикалык урология илимий борборунун директору,
медицина илимдеринин доктору, профессор,
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу:

– Энергетикалык суусундуктарды адам канчалык көп ичсе, анын курамындагы алкоголго жана айрым заттарга (мисалы, кофеин) адамдын организми көнүп калат. Мындан тышкары курамын­дагы башка заттар (билишимче, боёк­тор, жыт жана даам берүүчүлөр жана башкалар) организм үчүн зыяндуу. Ичүү адатка айланса, жүрүп отуруп эркектерди жыныстык жактан алсыздыкка (шалдыкка), ал тургай аялдарды да, эркектерди да тукумсуздукка алып келет. Мындан башка да түрдүү ооруларды жаратат.

“АЛКОГОЛДУК ЦИРРОЗДУ ЖАРАТАТ”

Болот Турусбеков,
Улуттук госпиталдагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын
ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы, адистиги боюнча терапевт-гастроэнтролог:

– Курамында алкоголу бар 0,5 литр энергетикалык суусундукта 7 пайыз алкоголь бар болсо, менимче, бул деген 25 грамм арак. Кээ бир жаштар 5-6 бөтөлкөгө чейин ичишет экен. Ошентип, билинбегени менен организмге алкоголь ашыкча барып жатат.
Алкоголдон ички органдарга кандай зыян келет? Алкоголь боордун клеткаларын сезгентип, акырындап ал клеткаларды өлтүрөт (некроз). Кээ бир клеткалар өлбөсө да дистрофияга (клетканын азыктануусунун бузулуусу) учурап, мунун айынан алкоголдук гепатит жаралат. Эгер адам дарыланбай, жаман адатын таштабай жүрө берсе, боордун алкоголдук циррозу, ашказандын жарасы, гастрит оорулары пайда болот. Булар ракты чакыра турган оорулар болуп эсептелет.

“ЖҮРӨКТҮН ЧОҢОЮП КЕТИШИН ШАРТТАЙТ”

Абдимиталип Халматов,
М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы
Кеңеш берүү жана дартты аныктоо эмканасынын башкы дарыгери,
Cаламаттыкты сактоонун отличниги, кардиолог:

– Энергетикалык суусундуктарды көп ичсе, кан басым көтөрүлөт, жүрөк бат-бат кагат. Ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Тахикардия (жүрөктүн кагуу ыргагы бузулуп, бат-бат кагышы) келип чыгат. Бул акырындап жүрөктүн чоңоюп кетишине алып келет. Кийин муну дарылап-айыктыруу өтө кыйын.

“ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛИП КЕТҮҮГӨ СЕБЕПКЕР”

Талип Адиев,
Улуттук урология борборундагы эндовидеохирургия бөлүмүнүн жетекчиси:

– Курамында алкоголу бар энергетикалык суусундукту канчалык көп ичсе, организмге ошончолук уу кирет. Уулардан улам бөйрөктүн иштөөсү бузулуп, нефропатия (бөйрөк оорулары) келип чыгат. Уулар жана курамындагы боёк сыяктуу заттар нефросклерозго (бөйрөктүн ткандарынын катып калышы), бара-бара ткандардын өлүшүнө алып келет.
Адамдардын организминде “алкогольдегидраза” аттуу фермент бар. Мунун кызматы – организмге кирген ууларды нейтралдаштыруу. Бирок бул фермент монголоид расасындагы адамдарда өтө аз. Ошондуктан монголоид расасындагылар ичимдик ичкенде тез мас болушат, ичкиликке да бат берилип кетишет. Эгер адам алкоголду аздан болсо да кабыл ала берсе, анда алкоголь жанагы ферментти жок кылат. Демек, дене ууларды нейтралдаштыруучу жардамчысыз калат да, уулана берет. Жыйынтыгы бөйрөктүн иштен чыгышы менен аяктайт.

“ТЕРС ТААСИРЛЕРИ КӨП. АНДЫКТАН САТУУГА ТЫЮУ САЛЫНСА”

Нурзада Маямерова,
“Триум-Инфо” психологиялык окуу борборунда психолог,
Кыргыз улуттук аскер лицейинде офицер-психолог:

– Курамында алкоголу бар энергетикалык суусундукту ичкенде курамындагы кофеин кубат берсе, алкоголь кайра аны басат. Экөө бири-бирине карама-каршы келет. Ушунусу менен психикага терс таасир тийгизип, нерв системин бузат. Андыктан адам бат таарынып, бат ачууланат, жан дүйнө салмагы бузулат. Максаты жок, эмне кыларын билбей баш аламан жүрөт.
Аз алкоголь мас абалды билдирбей коёт. Сыртынан мас болбогондой көрүнгөнү менен, чынында, адам мас абалда болот. Өзүн көзөмөлдөй албай, уруш-талашка барат, ал тургай суицидге жетет.
Ушундай терс таасирлеринен улам чет өлкөлөрдүн көбүндө алкоголу бар суусундуктарды сатууга тыюу салынган. Бизде да тыюу салынса жакшы эле болмок.

Окурман, өзүңүз баамдагандай, энергетикалык суусундуктар ден соолукка, өспүрүмдөрдүн калыптанышына терс таасир тийгизерин дагы бир жолу тастыктадык. Адистердин маалыматынан кийин мындай суусундуктар адамды акырындап өлтүрүүчү курал экен деген ойго аргасыз кабыласың.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kema
2011-12-13 17:01:33
Колдон келсе ушундай зяндуу нерселерди катуу козомолго алып тыйышса жакшы болоор эле коомго.
0
patriot_kyrgyzstan
2011-12-13 21:31:17
такыр сатырбай коюш керек..тыю салып..!!.манас атанын урпактары.. алкоголдук ичимдиктерден алыс болуп пайдасыз нерсеге такыр жолобой!!..спорт менен машыгып сергек жашагыла....!!!!!
0
Juliana
2011-12-13 22:19:33
Amerikada red bull i monstr degen turloru kenen jaygashkan, ar kunu ar kim alyp ichet
0
BiLLy Beck
2011-12-15 01:53:07
energetikalyk suusunduktar europanyn koptogon mamleketterinde tyiuu salyngan amerikadada!!!jawtar oilongula!!!
0
katagankanat
2011-12-30 17:13:30
uwundai maalymattardy jaryalap tursanyzdar jawtar bile jyrgongo jaklshy bolot ele, televizor, radiodon da berilse kop jashtar bile berbeit.
0
mairam999
2012-12-03 21:59:09
колдон келсе эч ишпеш керек ал омурго ото зыян нерсе
0
Rasul_Rahmanaliev
2016-12-01 13:34:28
Психикага терс жардам берет дегени чын. Менин бир таанышым ЯГУАР иче берип жинди болоюн деп калыптыр.
0
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан