Атактуу ырчы Митя Фомин Орусиянын Череповец шаарында болчу жаңы жылдык шоуго катышуудан баш тартып кетип калган. Бирок гонорарын алдын ала эле алып койгон экен. Концерттин уюштуруучусу Денис Поповдун айтымында, Митя дагы акча талап кылган. Бул талабы орундалбагандан кийин катышпай кетип калган. Уюштуруучулар полицияга арыз жазышкан. Азыр укук коргоо органдары бул ишти карап жатышат.