Жаңы гана 30 жаштын кырын ашкан Бритниге анын 39 жаштагы сүйүктүүсү Жейсон Травик ушул айдын аягында шакек салууга камданып жатат. Жейсон Бритнинин менеджери болчу. Алар 2009-жылдан бери жарандык никеде жашап келишкен. Эгер экөө үйлөнүшсө, Бритни үчүнчү ирет турмушка чыккан болот. Атактуу ырчы буга чейин Кевин Федерлайн менен 2 жыл, ал эми кичинесинен дос болуп келген Жейсон Александер менен 55 саат жаш аган.