"Ранетки” тобунун ырчысы Наталья Мильниченко (Щёлкова) кыз төрөдү. Наристе 15-ноябрда эле төрөлгөн, бирок Наталья менен Сергей Мильниченко бул жаңылыкты элге айтышкан эмес. Ага Рассказа деген ысымды ыйгарышты. Эркелетип айтканда, Сказка болуп калат. Наташа 19-ноябрда төрөт үйүнөн чыгып, 20-ноябрда концертке катышкан. Айта кетсек, экөө 2009-жылы баш кошушкан. Сергейдин мындан мурунку никелеринен Анастасия жана Рассвета аттуу эки кызы бар.