Хорватиялык журналист Жеймс Брэддок (чыныгы аты Йосип Кнежевич) атактуу актриса Анжелина Жолини сотко берди. Журналисттин айтымында, актриса “Бал менен кандын четинде” ("В краю крови и мёда") деген тасмасын тартууда анын “Жан дүйнөнүн жабыркашы” ("Разрушение души") романынын сюжетин мыйзамсыз түрдө уурдап алган.
Кнежевич өткөн жылдын ноябрь айында Будапештте ушул фильм тартылып жаткан учурда атайын Анжелинага “сен менин чыгармамды уурдап алдың” деп айтуу үчүн барган. Бирок Жолиге жолугууга жетишпей калган. Фильмде 1992-1995-жылдардагы Босния жана Герцеговинадагы жарандык согуш туурасында айтылат. Анжелина бул чыр-чатакка комментарий бере элек.