Жакында эле ата болгон Эрлан Андашев кызы Раянага жентек той берем деп чамынып жүрөт. Бир айлык кызын кайын журту азырынча көрө электигине байланыштуу аларга эшик төр көргөзүп, куда тосуунун камын көрүп жатканын айтат. «Тун кызымдын тоюна акчамды аябай, конокторго кандай сюрприздерди даярдасам?..» деп баш катырып жүргөнүн жашырбады.