11-декабрда кыргыздын дагы бир таланттуу уулу Шамшыбек Өтөбаев жарык дүйнөгө келген. Алыкулдун «Ата Журтун» укмуш созгон Шамшыбек агай тирүү болсо, быйыл 60 жашка чыкмак экен. Аттиң, ажалга айла жок тура. Келе жаткан жылдын жаз айында Маданият министрлиги тарабынан Шамшыбек Өтөбаевди эскерүү кечеси өткөрүлө тургандыгын айтууда. Мына, талант өлбөйт, өчпөйт деген ушул да.