Ырчы, журналист Сонунбүбү Кадырова 2009-жылы Ассоль Молдокматова, Динара Эсенгуловалар менен чогуу КТРден кеткенден бери көрүнбөй калган эле. Көрсө, чыгармачылыкка баш-оту менен киришип, обон жаратууга өтүптүр. Жаңы жылдык жеке концерти менен Ош, Гүлчө шаарларына аттанып жатканын да айтат. Бул концертте «Сүйүнчү» деп аталган ырлар жыйнагынын бет ачары өтмөкчү.