БЕРНАРД ХОПКИНС

“Баш кесер” кличкалуу Бернард Хопкинс 1965-жылы 15-январда АКШнын Филадельфия шаарында туулган. Профессионалдык бокс жаатында Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. Жарым оор салмакта Дүйнө чемпиону титулун 20 ирет коргогон. Рингге бардыгы болуп 52 жолу чыккан. Булардын 47синде жеңип (анын ичинде 32син нокаут менен), 4 ирет жеңилип, 1 ирет тең чыккан. Бою 185 сантиметр, салмагы 79 килограмм. Чабуул коюу аралыгы 178 сантиметр. Учурда өзү туулуп-өскөн АКШнын Филадельфиясында жашайт.

МУШТАШТАН АБРОЙ ТАПКАН БАЛА
Бернард жашоодо өз акылы менен муштумуна гана ишенүүгө боло тургандыгын кичинесинен түшүнгөн. Себеби, ал жашаган аймак мушташ-чатак боюнча атагы чыккан аймак эле. Ар көчөнү өзүнүн “авторитети” башкарып, эл алардын жазылбаган мыйзамдары менен жашоочу. Мындай жагдай Бернардды да мушташуу өнөрүн жакшылап үйрөнүүгө жеткирген. Өзү теңдүүлөрдөн мушташууда артыкчылык кылган Бернардга башкалардан ыза көргөн алсыз балдар өзүнө болушуп коюшун суранып кайрылышчу. Бернард алардын өтүнүчүн жерге калтырчу эмес. Бирок, акысына бир нерсе алууну да унутчу эмес. Өспүрүм 10 жашка чыкканында пенсиядагы мурунку полиция кызматкери ачкан бокс залына бара баштайт. Дал ошол залдан келечектеги Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону алгач бокс кол кабын кийип, бокс сырларын үйрөнүүгө өтөт.
Антсе да Бернард чоңойгон сайын көчөдө көп жүрө баштайт. Мушташуунун артында аз акча табууга алымсынбай, эми куралдуу талап-тоноо, кол салууга өтө баштайт. Тегеректеги элдер андан корко баштап, ал жакындап ооз ачкыча эле айтканын кармата берүүгө өтөт. Өспүрүмдүн бир артыкчылыгы аялзатына тийбегендиги, кол көтөрбөгөндүгү эле. Кылмышка аралашкандыгы үчүн Бернард бир нече ирет кармалып, алтургай, өспүрүмдөр колониясында аз болсо да отуруп чыккан учурлары болот.

ТҮРМӨНҮН АБСОЛЮТТУК ЧЕМПИОНУ
Хопкинстин криминалдуу жоруктары аны 17 жашында 18 жылга түрмөгө камалууга алып келет. Эми жаш жигиттин башына “неси болсо да түрмөдөн аман чыгуу керек” деген ой ээлейт. Аман чыгуу үчүн болсо кыйынчылыктарга каршы туруп, өзүн мурункудан да “крутой” көрсөтүш керек эле. Бул үчүн түрмөдө да бокс менен машыгуу керек болчу. Ошентип, Бернард машыгууга өтөт. Бирок, көп өтпөй түрмөгө Смоки аттуу бокста да, кримдүйнөсүндө да белгилүү адам түшөт. Ал Бернарддын мүнөзүн жана бокска болгон талантын байкап, канатына калкалап, машыктырууга өтөт.
Жыйынтыгында Бернард түрмө аралык беттешке катыштырыла баштайт. Ошентип, түрмөдө алты жарым жыл ичинде штаттагы 21 түрмөдөгү “мен боксчумун” дегендердин барын жеңип абсолюттук чемпиондукка жетишет. Бул үчүн эртелеп түрмөдөн бошонууга укук алат.

“ЗЕКТЕН” ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУНА АЙЛАНУУ
Түрмөдөн чыккан соң Бернард кайра түрмөгө түшпөөнү жана Дүйнө чемпиону болууну максат кылат. Алгачкы беттешке 1988-жылы октябрда Клинтон Митчелл менен чыгып, жеңилип калат. Бул аны ызалантып, эмки беттешке жакшылап даярдануусуна түрткү болот. Арадан бир жарым жыл өткөн соң ал каршылашын утат да, ошондон баштап жалаң жеңүүнүн үстүндө болот. 1990-92-жылдары Бернард 20 жолу рингге чыгып, 15ин нокаут менен утуп, “баш кесер” кличкасына ээ болот.
Дүйнөлүк бокста белгилүү болуп чыгуу менен Бернард WBC версиясы боюнча чемпиондук титул үчүн рингге Уэйн Пауэлл менен чыгат. Бернард 21 секундда эле аны нокаутка түшүрүп, жеңишти камсыз кылат. Эми кезек Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Рой Жонс менен беттешүүгө келет. Экөөнүн таймашы 1993-жылы майда өтөт. Беттеш 12 раундга созулуп, жыйынтыгында Бернард жеңилип калат. Бирок, андан кийин бир жыл ичиндеги Роя Ричи, Вендалла Холл, Мелвин Уинн жана Лупе Акино менен болгон таймаштырында барысын тең нокаут менен утуп, дүйнөгө мыкты экендигин даңазалайт.

БОКС ШААСЫ БОЛУП ЧЫГУУ
1994-жылы Хопкинс IBF версиясы боюнча чемпиондук титул үчүн Сегундо Маркадо менен беттешет. Таймаш Африканын Эквадор өлкөсүндө өтөт. Бернард эки ирет полго кулап түшкөн­үнө карабай жал­пы эсеп менен оюн тең чыгат. Экөөнүн матч-реваншы 1995-жылы апрелге белгиленет. Таймашта Бернард каршылашын 7-раундда нокаутка тү­шү­рөт. Ошентип, бир кезде түрмөдө отургандагы кыялы ишке ашып, Бернард Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болуп калат.
Мындан кийин Бернард дүйнө чемпиондугу титулун Глен Жонсондон, Сид Вандерпулдан, Саймон Браундан, Эндрю Каунселден коргоого жетишет. Анан дүйнөнүн абсолюттук чемпиондугу үчүн Феликс Тринидад (кичүүсү) менен бет келет.
Ошондо Бернард өзүн жеңилет го деп ой жоруп турган элдин оозун ачырып, жеңишти камсыз кылат.
Мындан кийин Бернард Вильям Жоппи, Кит Холмстун үстүнөн да жеңишке жетишет.
2001-жылы Бернард Феликс Тринидад менен кайра рингге чыгып, 12-раундда аны бети-башын канжалатууга жетишет. Феликстин атасы баласынын денсоолугуна абыгер чегип, рингге ак жоолукту таштайт. Ошентип, Бернард ого бетер легендарлуу болуп чыга келет.
2003-жылы Бернард күтүлбөгөн жерден WBC версиясы боюнча чемпиондук титул үчүн Морраде Хаккара менен таймашып, жеңип, бир миллион долларга ээ болот. Бул беттеште Бернард каршылашын алгач мышык-чычкан ойнотуп, акырында болушунча токмоктойт.

ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН БЕТТЕШТЕР
2003-жылдын жайында чемпиондук титулун Вильям Жоппиден коргоосуна туура келет. Алдын-ала өткөзүлгөн пресс-конферецияда Вильям Бернарддын түрмөдө отурган кезин эске сала, кемсинте сүйлөйт. Көзүнөн заар чачыраган Бернард микрофонду алып, “Жоппи экөөбүздүн беттешишибизде анын өлүгүн көрө аласыздар” дейт. Айкандай эле Вильям Бернардды кемсинте сүйлөгөнүнүн жазасын рингден алат. Бернард Вильямды алгачкы секунддарда эле нокаутка түшүрө койгонго алы жетмек эле. Бирок, ал 12 раунд бою Вильямды мазактоо иретинде аёосуз ур-бериге алат. Рингден Вильям адам тааныбай турган кейпте чыгат жана ошону менен карьерасын жыйыштырат.
2004-жылы сентябрда “алтын жигит” кличкалуу Де Ла Хояны 9-раундда боорго уруу менен кулатат. Ал ордунан тура албай коёт да, жеңиш Бернардга ыйгарылат. Бул Хопкинстин Дүйнө чемпиондуган 19-ирет коргоп жатышы эле. Бирок, Бернард Де Ла Хоя менен беттешке даярданып жүргөнүндө апасы 3 жылдан бери ооруп жүргөн оорусунан, рактан кайтыш болот. Кайтыш болоор алдында ал Бернарддан жакынкы мезгилдерде бокстан кетүү тууралуу убадасын алган эле.

БЕРНАРДДЫН АКЫРКЫ ТАЙМАШТАРЫ
2005-жылы Бернард Говард Истменди утуп, чемпиондугун 20-ирет коргойт. Ошентип, боксчу өз атын бокс тарыхына калтырууга жетишет.
Бернар жакында эле, башкача айтканда, 2006-жылдын 10-июнунда IBF версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугу үчүн Антонио Тервер менен АКШнын Атланта-Ситисинде беттешти. 5-раундда Антонио Бернардын бир нече таамай соккуларынан кийин полго колун тийгизди. Бул нокдаун катары эсептелди. Беттеш 12 раундга созулуп, жыйынтыгында Бернард утушка ээ болду.
Эми Бернард апасына берген убадасында туруп, бокстан кетүүнү чечүүдө.
Кеткен күндө да ал профессионалдык бокста белгилүү адам бойдон калмакчы.
Учурда легендарлуу боксчу Оскар Де ла Хоя менен өнөктөш болуп, промоутердик компанияда иштөөдө.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 194, 21-27-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан