Легендарлуу «Кыз-Бурак» тобунун «23 жашка чейин турмушка чыкканга болбойт» деген мыйзамы иштебей бараткандай. Дегенибиз, топтун Айзирек аттуу ырчысы 18 жашында Жалал-Абаддын Майлы-Сай шаарчасына келин болуп, Талант аттуу жигиттин колун кармады. «Кыз-Бурактагы» окуялар муну менен эле токтобойт. Алар 16-17-декабрда 35 жылдык мааракесин өткөрүшмөк. Бирок топтогу бир кыздын атасы, дагы биринин апасы каза болуп калгандыктан, концерт убактылуу артка жылып кетиптир. Бул тойго «Кыз-Бурактан» чыккан 35 ырчы катышмак. Эми «айла жок, жакшылык менен жамандык чогуу жүрөт экен да» деп отурушат кыздар.