Биздин гезит жүргүзүп жаткан «Жылдын супер дебюту» наамы боюнча ат салышып жаткандардын бири, ырчы Данияр Эрматов телеалпаруучу болорун айтып кудуңдайт. Кайсы бир телеканалга конок катары барган ырчыга ушундай сунуш түшүптүр. «Сөз байлыгым кенен эмес» деп кетенчиктеген Даниярды жетекчилик өзү «тарбиялап алабыз» деген имиш.