“Тамашоу” курама командасы 1-декабрда Алматы шаарында өткөн Евразия КВН Лигасынын финалдык оюнунда 1-орунду казактардан илип келишти. Аны менен катар эле болгон Түрк тилдүү КВН Лигасында да 1-орунду камсыз кылышкан.
“Бу казактар кантип эле кыргыздарга катар-катар чемпиондукту берип салышты?” деп таң калып жаткан чыгарсыз. “Тамашоунун” негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев мындай дейт: “Эгер биз казактар менен тең ойносок, анда бизди жеңүүчү кылышмак эмес. Чынында, команда мыкты даярдык менен барган. Бул кубоктун артында чоң эмгек жатат. Биздин жеңишибизге калыстардан эч ким деле сүйүнгөн жок”.
Эмне демекчибиз, жигиттер, жеңишиңер кут болсун!